Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

ЖОРЖ БУШ ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШТА ДЕМОКРАТИЯ ЖЕҢЭЭРИНЕ ИШЕНЕТ


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Жакынкы Чыгышта эркиндик менен демократиянын жеңиши орнооруна ишенет. Ал бул тууралуу шаршембиде Конгресстин китепканасында чогулгандардын алдында сүйлөгөн учурунда айтты. Буштун билдиргенине караганда, демократиянын жанданышына көмөктөшүү максатында америкалык жаңы телеканал Жакынкы Чыгыштын калкына багытталган берүүлөрүн келээрки аптадан тарта обого чыгара баштамакчы.

Жорж Буш сөзүндө өз администрациясынын Ирак саясатын дагы бир жолу коргоду. Ал мурда Ирак башкаларга коркунуч туудурчу, азыр эркин өлкө болуп калды деп эсептейт. Буштун пикиринде, демократия учурда Жакынкы Чыгыштын башка жерлеринде да тамырлай баштаганынын белгилери бар:

- АКШнын аялдар менен эркектер эзилгенине, алардын укуктары эске алынбай, үмүттөрү басмырланганына сырттан караган саясаты узакка созулду. Ал доор эми аяктады жана биз Германия, Жапония, Чыгыш Европадагыдай эле Жакынкы Чыгышта да кысымчылыкты эркиндик жеңерине ишене алабыз.

Жорж Буштун көз карашында, бейстабилдүү жана демократиясыз Жакынкы Чыгыш АКШнын улуттук кызыкчылыктарына каршы келет:

- Чөлкөм залимдин, аргасыздыктын жана кыжырдануунун орду боло берген учурда ал америкалыктардын жана биздин достордун коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү адамдар менен кыймылдарды жаратат. Биз демократиянын прогрессин өтө практикалык себептерден улам көздөп жатабыз. Себеби демократиялык мамлекет террорчуларды колдобойт же дүйнөгө коркунуч туудурбайт.

Буш ошондой эле демократиянын жанданышына жардам берүү үчүн келээрки аптадан тартып америкалык жаңы телекөрсөтүү Жакынкы Чыгыштын калкына багытталган берүүлөрдү араб тилинде обого чыгара баштаарын билдирди:

- Биз келээрки аптада "Эркин", арабча "ал-Хурра" деп аталган жаңы телеканалды ишке киргизебиз. Ал чөлкөмдүн миллиондогон адамдарына жаңылыктарды, кинофильмдерди, спорт, көңүл ачуу жана билим программаларын тартуулайт. Бул аракеттер аркылуу биз Жакынкы Чыгыштын калкына АКШнын баалуулуктары жана саясаты жөнүндө чындыкты айтып жатабыз жана чындык ар убак эркиндик үчүн кызмат кылат.

Буштун администрациясы башынан тартып эле Иракка кол салуунун эпкини жалгыз эле өлкөгө тийбесин айтып келүүдө. Алардын ырастоосунда, Саддамдын бийликтен кулатылышы башка режимдер үчүн сабак жана Жакынкы Чыгышты оңдоого жардам берет. Президент Буш өзү январдын ортосунда Конгресске жана калкка жасаган кайрылуусунда, Ливиянын өзөктүк куралдардан баштартышы- Ирактагы согуштун таасири экенин белгилеген.

Ал эми айрым аналитиктер АКШ президентинин Жакынкы Чыгыш боюнча оптимизмин анчейин бөлүшпөйт. Британиядагы "Jane's" изилдөө борборунун ислам өлкөлөрү боюнча аналитиги А.Броунфилддин жазганына караганда, азыр чынында эле чөлкөмдө оң өзгөрүүлөрдүн белгиси байкалууда. Маселен, Иордания, Кувейт, Сауд Аравия билим берүү тармагын реформалоону баштады. Ал эми Перси булуңундагы өлкөлөрдүн Кызматташтык кеңешине кирген алты мамлекет: Сауд Аравия, Кувейт, Оман, Катар, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттары терроризмге каршы күрөшүү боюнча биргелешкен документ кабыл алды. Ага ылайык, мектептер үчүн чыгарылган окуу китептеринен антихристианчылык, антисемитизм жөнүндөгү сөздөр алынып салынат. Ошондой алар окуу китептеринен башка диндердин өкүлдөрүн "исламдын душмандары" катары сыпаттаган материалдарды алууну да макулдашты.

Анткен менен "Jane's" борборунун аналитиги А.Броунфилд "Жаңы Жакынкы Чыгыш үчүн оптимизм" деп аталган макаласында жазгандай, Ирактагы согуштун натыйжасында мурдагыдан демократиялуу жана тынч Жакынкы Чыгыш жөнүндө оптимисттик божомолдорду берүүгө, балким, эртелик кылат. Иракка кол салуунун натыйжалары анын калкына эркиндикти жана стабилдүүлүктү тартуулаган өкмөт менен жыйынтыкталмайынча чындыкка айланышы күмөндүү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG