Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:26

ӨЗӨКТҮК КУРАЛ БОЮНЧА СЫРЛАР ПАКИСТАНДАН СЫРТКА ЧЫККАНЫ ҮЧҮН ОКУМУШТУУЛАР ЖООПТУУ


Нарын АЙЫП, Прага Пакистандын өзөктүк куралынын атасы деп эсептелген илимпоз Абдул Кадыр Хан 4-февралда улуттук сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Пакистан элинен кечирим сурады. Анын айтымында, өзөктүк курал чыгаруу технологиясы тууралуу кээ бир маалыматтар Пакистандан чет өлкөлөргө берилип кеткени үчүн ал жеке өзү гана жооптуу. Өлкө өкмөтү маселени бүгүн да талкуулап, Ханды кечириш керек деген сунушту президент Первез Мушаррафка жолдоду.

Акыркы мезгилге чейин дүйнөдө беш гана мамлекет - АКШ, Кытай, Орусия, Улуу Британия жана Франция расми түрдө өзөктүк куралга ээ болуп келген. 1998-жылы удаасы менен атом бомбаларын сынаган Пакистан менен Индия да аларга кошулду жана кээ бир маалыматтар боюнча, өзөктүк куралга Израил дагы ээ. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин деректири Мухамед ал-Барадеи 26-январда "Шпигел" аттуу немис журналына интервью берип, Индия, Израил жана Пакистандын өзөктүк куралга ээ болуп кеткенине анын уюму токсоолдук кыла албаганын өкүнүү менен билдирди. Анын пикиринде, өзөктүк согуш чыгып кетүү коркунучу азыр дүйнөдө болуп көрбөгөндөй жогору.

Америкалык "Лос-Анжелес таймс" гезити 21-январда жазып чыкканга караганда, өзөктүк курал технологиясын Пакистан Голландиядан уурдаган болуш керек. 1970-жылдарда Абдул Кадыр Хан Голландиядагы "Уренко" компаниясында иштеген жана кийин Пакистанга кайтып барып, "Хандын изилдөө лабораториясы" деген ишкана уюштуруп, аны өлкөнүн негизги өзөктүк изилдөө борборуна айланткан. "Уренко" компаниясын Алмания, Британия жана Голландия биргелешип түзгөн жана анда негизинен - уранды байытуу боюнча аспаптар жасалган.

Кийин ал технологиянын издери Иран, Ливия жана Түндүк Кореяда табылган. Пакистан өкмөтүнүн айтымында, ал эч качан өзөктүк сырларды чет өлкөлөргө берген эмес, бирок кээ бир окумуштуулар өз кызыкчылыгы үчүн сыртка маалымат сатканы мүмкүн жана андай окуя болсо, ал - 1999-жылы бийликке Первез Мушарраф келгенге чейин болгон.

Пакистан өкмөтү өзү да эки айга уланган тергөө жүргүзүп, өзөктүк сырлар сыртка чыгып кеткени үчүн Абдул Кадыр Хан күнөөлүү экенин аныктады жана 31-январда ал - президенттин илим боюнча кеңешчиси кызматынан бошотулду. 4-февралда болсо Хан улуттук сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, бардык күнөөнү мойнуна алды: "Өзөктүк технологияны сыртка берүү боюнча бир нече окуя болгон жана тергөө көрсөткөндөй, алар менин буйругум менен жасалган. Өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп-сүйлөшкөндө, мага ал тууралуу бир топ фактылар жана далилдер көрсөтүлдү жана алар негизинен чын жана так экенин мен мойнума алам".

Илимпоздун айтымында, өкмөттүн ага эч тийешеси болгон эмес жана маселени саясатташтырбаш керек. Бирок кээ бир эксперттердин пикиринде, мынчалык олуттуу окуя бийликтин кийлигишүүсүз окумуштуулардын өз демилгеси менен ишке ашышы өтө күмөн. Сыналгы аркылуу сүйлөөр алдында Ханды президент Мушарраф кабыл алган жана Лондондогу Стратегиялык изилдөөлөр борборунун эксперти Гэри Сэймурдун пикиринде, окумуштууларга күнөөнү моюнга алдырып, Мушарраф маселени ошону менен жаап салууга аракеттенүүдө: "Исламабаддын кызыкчылыктарын алып караганда, эч кандай сот өткөрбөстөн, маселени ушинтип чечип салган жакшы. Анткени сот болсо, доктор Хандын аракеттерине өкмөттүн канчалык тийешеси бар экени тууралуу суроолор сөзсүз чыгат".

Экинчи жагынан, Абдул Кадыр Хан Пакистанда улуттук баатыр болуп саналат жана ага каршы сот уюштурулса, калктын кеңири катмарлары ага каршы чыгып, бир топ башка саясий маселелер да көтөрүлүп кетиши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG