Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Пакистан Ооганстанга чыккынчы деп эсептелип жаткан аскер башчыны өткөрүп берди


ЖАЛАЛАБАД. Ооган өкмөтүнүн маалыматы боюнча, Пакистандын бийлиги бул өлкөнүн Ооганстан менен чектеш түштүк-батыш аймагына бүлүк салган оогандык аскер башчыны кармап, ырасмий Кабулга өткөрүп берди. Падшах Хан Задран Торхам чегара өткөөлү аркылуу шейшемби күнү Ооган бийлигинин өкүлдөрүнүн колуна өткөрүлүп берилген. Задрандын аскерлери антитеррордук согуш маалында талибдерге жана Аль-каидага каршы согушкан, бирок соңку учурда алар менен Ооганстандын Хамид Карзай башында турган азыркы өкмөтүнүн аскерлеринин ортосунда бир нече ирет кагылышуулар да болгон. Эми Зардан 2002-жылы Гардез шаарында болгон эки ири жардырууну уюштурган, антитеррордук чабуул учурунда коалицияга туура эмес маалыматтарды берип турган деп айыпталууда.

XS
SM
MD
LG