Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Ирактагы бийлик 1-июлга чейин убактылуу өкмөткө өтөөрү айтылууда


БАГДАД. АКШнын Ирактагы атуулдук жетекчиси Пол Бремер бүгүн быйыл 1-июлга чейин өлкөдөгү бийлик Ирактын убактылуу өкмөткө өткөрүлүп берээрин билдирди. Пол Бремер ошондой эле, Бириккен улуттар уюмунун Иракка келиши күтүлүп жаткан эксперттери менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан мындан мурда Иракта жалпы элдик референдум өткөрүүгө мүмкүнбү деген суроо алуу үчүн Улуттар уюму Иракка эксперттерди жиберет деп билдирген.

XS
SM
MD
LG