Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:43

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУН КАБЫЛ АЛУУ БИР КАДАМ АРТКА, ЭКИ КАДАМ АЛДЫГА ЖЫЛДЫ


Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоорун беренелер боюнча талкуулоого кайрадан киришти. Президент сунуштаган бул долбоор үч жылдан бери парламентте каралып, бирок кабыл алынбай келет. Бүгүнкү отурумда талаш жараткан бир катар беренелер кабыл алынды.

«Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам долбоорун мамлекет башчы кайрадан өзүнө кайтарып алат экен»,- деген божомолду төрага Абдыганы Эркебаев менен президенттин мыйзам долбоору боюнча өкүлү, Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жокко чыгарышты. Мындай пикирлер президент Аскар Акаев Кыргызстан Элдери Ассамблеясынын 30-январдагы IV курултайында сөз сүйлөгөндөн кийин пайда болгон.

«Президенттин сөзүндө мыйзамды кайтарып алуу тууралуу сөз болгон эмес. Сиз муну кайдан алганыңызды билбейм», - деп билдирди Осмонакун Ибраимов депутат Зайнидин Курманов көтөргөн бул маселеге жооп берип жатып.

Бул күнкү отурумда долбоордун II, III баптарындагы алты берене талкууланып, кабыл алынды. Долбоордун тарапкерлери бул беренелердин кабыл алынышын мамлекеттик тилдин утушу катары баалашты. Маселен, 9-беренеге ылайык эми болочок президент, премьер министр, Жогорку Кеңештин төрагасы жана сот бийлигинин башчылары мамлекеттик тилде сүйлөөгө, жазууга, окууга жана эл менен баарлаша билүүгө милдеттүү. 11-12-берене болсо расмий документтердеги, жыйындардагы мамлекеттик тилдин ролун аныктайт.

Ал тууралуу Билим, маданият жана социалдык маселелер боюнча комитет төрагасы Жангороз Каниметов мындай деди:

- Расмий документтердин түп нускасы кыргыз тилинде жазылышын шарттаган жобо өттү. Экинчи маселе – мамлекеттик расмий жыйындар да мамлекеттик тилде жүргүзүлөт. Ошону менен бирге «расмий тилге которулат, синхрондуу котормо болот» деген жобо да өтүп кетти. Бул абдан жакшы болду. Депутаттар жандуу иштешти.

Олуттуу талашты 10-берене жаратты. Бул беренеде «мамлекеттик кызматкерлер аткарган кызматына зарыл өлчөмдө кыргыз тилин билүүсү керек»-деп жазылган. Айрым депутаттар «бул берене мамлекеттик кызматта иштеген башка улуттардын укуктарына шек келтирет» деп, берененин кабыл алынышына каршы болушту.

Ал эми Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов «бул берене Конституциянын адам укуктарын кепилдеген 5-беренесине кайчы келет»-деген пикирин ортого салды:

- Конституцияга каршы келген беренени кабыл алууга болбойт.

Бирок, бир катар депутаттар мамлекеттик кызматчынын эмес, элдин кызыкчылыгын биринчи коюуну талап кылышты. Алардын бири депутат Азимбек Бекназаров мамлекеттик катчынын дарегине мындай деди:

-«Аткаминерлер (чиновниктер) тил билбегени үчүн кызматынан кетет, бул мыйзамды албайбыз»,- дегениңизди коюңуз.

Ал эми депутат Жангороз Каниметов Мамлекеттик катчынын 10-беренени алып салуу тууралуу сунушун кескин сындады:

- Кептин баары 10-беренеде. Эгер 10-беренени алып салбаса, анда бул мыйзамды кабыл алып да кереги жок, Осмонакун Ибраимович. Мыйзам КМШ мамлекеттериндеги эң жумшак мыйзам. Урматтуу депутаттар, бир акылга келеличи. Мамлекеттик кызматчылар – бул кыргыздын интеллигенциясы. Кыргыздын тагдырын чече турган адамдар.

Депутат Арслан Малиев бул берене кабыл алына турган болсо, аны 15 жылдан кийин ишке киргизүү жөндүү экенин белгиледи. Анын пикиринде, кыргыз тилин мектепте үйрөтүүнү азыр баштаса, 15 жылдан кийин кыргыз тилдүү даяр адис чыгат.

Кызуу талкуудан соң, депутаттар бул талаштуу беренеге кийин кайра кайрылуу чечимине келишти. Ушундан улам айрым депутаттар «мыйзамга кайра-кайра кайрылбаш үчүн талкууну токтотуп, долбоорду комитетте дагы ийине жеткире иштөө зарыл»,- деген сунуштарын ортого салышты. Ал эми депутат Зайнидин Курмановдун айтымында, долбоорго шашылыш мамиле жасап, анын кесепетинен принципиалдуу мүчүлүштүктөр кетип жатат.

Бирок, төрага Абдыганы Эркебаев мындай көз карашты колдогон жок. Анын маалыматына караганда, «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» алгачкы мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында бир күндүк талкуунун жыйынтыгы менен кабыл алынган. Ал эми «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоорун парламент үч жылдан бери ар кандай себептер менен кабыл ала албай келатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG