Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

АЗЕРБАЙЖАН МЕНЕН ОРУСИЯНЫН ОРТОСУНДАГЫ КАРЫМ-КАТНАШ КАНДАЙЧА ӨНҮГҮШҮ МҮМКҮН?


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва. Бүгүн, 5-февралда, Азербайжан президенти Илхам Алиев расмий сапары менен Москвага келди. Азербайжандын буга чейинки президенти Гейдар Алиевдин уулу Илхам Алиев мамлекет башчысы катарында биринчи жолу Орусияда болууда. Акыркы жылдарда Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы карым-катнаш бир калыпта өнүккөн жок.

«Орусия менен Азербайжан кызматташтыкка негизделген достук мамилени өнүктүрүүгө аракет жасашат». Азербайжан президенти Илхам Алиевдин мамлекет башчы катарында биринчи ирет Москвага жасаган расмий сапарынын маңызы ушундай мааниде каралышы керек, - дешет эксперттер.

Эки мамлекет тең Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин өкүлдөрү. Анткен менен кызматташтыктын айрым багыттары боюнча алар бири-бирин атаандаш катарында тааныша тургандыгы да белгилүү.

Карнеги Корунун өкүлү Алексей Малашенконун оюнда, негизи, Орусия менен Азербайжан ортосундагы катнаш көбүрөөк коңшулук жылуу мамилеге таянат. “Алар экономикада, коопсуздукту сактоо жана антитеррористтик ишмердүүлүктө, ошондой эле Каспийди бөлүүдө оңой тил табышууга жетишишти”, - дейт Малашенко.

Ошол эле учурда Азербайжан менен Орусия бир жактуу карабаган, андан калса, кайчылаш пикирде турган проблемалар да арбын. Алардын ичинде саясий аналитиктер Баку-Тбилиси-Жейхан долбоорун жана коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты көрүшөт. Ошол эле учурда Тоолуу Карабак проблемасы боюнча Орусиянын Азербайжанга эмес, Арменияга көбүрөөк жан тартканы да Бакунун кызыкчылыктарына каршы.

Каспийди бөлүү боюнча азыркы тапта бир канча мамлекеттер ортосунда ар тараптуу эмес, эки тараптуу келишимдер иштеп жаткандыгы маалым. Кремль бул жолугушууда Азербайжан тараптан мунайды Орусия аркылуу алып өтүү боюнча келишимдин мөөнөтүн мүмкүн болушунча узартуу аракетин көрмөкчү. Анткени, келээрки жылдан тарта учурда курулуш иштеринин жарымысы бүтүп калган Баку-Тбилиси-Жейхан мунай ташуучу кууру ишке киришмекчи. Эгерде Азербайжан өз мунайын жалаң гана ушул түтүк аркылуу экспорттой турган болсо, анда Баку-Новосибирск долбоорунун иши токтоп калышы мүмкүн.

Москвада талкууга алынуучу дагы бир маселе - эки мамлекет ортосунда акыркы мезгилдерде басаңдай түшкөн аскерий-техникалык жааттагы кызматташтык. Орусия Азербайжанга сатуу үчүн сунуш кылып жаткан аскерий техникадан Азербайжан баш тартып жаткандыгы айтылууда. Ушундан улам, расмий Москва Азербайжан көбүрөөк НАТОго ык алып, ага кошулуу аракетин көрүп жатат деп чочулоодо. Буга жооп катарында Илхам Алиев НАТОго мүчөлүк темасын козгоо азырынча эрте экендигин айтты.

Ал эми сүйлөшүүлөрдүн негизги өзөгүн Толуу Карабак темасы түзмөкчү. «Известия» күндөлүк басылмасына берген интервьюсунда Илхам Алиев «Карабак проблемасын чечүүгө эларалык коомчулук жигердүү катышуусу зарыл экендигин жана аны менен кошо армениялык агрессияны жоюу керектигин» айткан. Ошол эле учурда президент Алиев Карабак чатагын Азербайжандын ички проблемасы деп билет. «Ушундан улам, Армениянын буга кийлигишүүсү кан төгүлүүгө алып келди» деп ал эсептейт.

Мына ушул темаларды талкуу кылуудан сырткары, Азербайжандагы адам укуктарынын абалы талкууга коюлуп, аткезчилик (контрабанда) жана терроризмге каршы биргеликте күрөшүү, жашыруун малыматты коргоодо жана гуманитардык алкакта кызматташуу боюнча келишимдер кабыл алынмакчы.
XS
SM
MD
LG