Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Пакистандын президенти өзөктүк куралдар боюнча маалыматтарды чет өлкөгө саткан окумуштууну кечирди


ИСЛАМАБАД, Бүгүн Пакистандын президенти Первез Мушарраф өзөктүк куралдар боюнча маалыматтарды Иранга, Ливияга жана Түндүк Кореяга сатып келген окумуштуу Абдул Кадыр Ханга ырайым берип, анын күнөөсүн кечирди. Өзөктүк куралдар боюнча Пакистандын ири окумуштуусу Абдул Кадыр Хан кечээ мамлекеттик телекөрсөтүү аркылуу жалпы элден кечирим сураган болчу. Ал баардык күнөөнү өз мойнуна алып, кеңири кыргын салуучу куралдар боюнча маалыматтарды чет өлкөлөргө сатууга Пакистан өкмөтүнүн эч кандай тиешеси жок деп билдирген.
Президент Первез Мушарраф ошондой эле, ырасмий Исламабад Атом энергетикасы боюнча эларалык агенттиктин алдында Пакистандын өзөктүк куралдар программасы боюнча отчет бербейт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG