Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

«Робин» фирмасын Башкы прокуратура иликтей баштады


ТАЛАС. Талас облусунда иштеп келген “Робин” фирмасын Башкы прокуратура иликтей баштады. Бул туурасында бүгүн областык прократуранын мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы билдирди. Өткөн жылдын 30-декабрында Карабуура райондук соту «Түркиялык аталган фирманы республиканын аймагынан чыгаруу жөнүндөгү Талас областтык ички иштер башкармалыгынын административдик иши - мыйзамсыз» деп тапкан. Ал эми областтык укук коргоо органдары «Робин» фирмасынын мыйзамсыз иштерин аныктаган кошумча материалдарды топтоп жатат. Карабуура районундагы төө буурчак өстүргөн дыйкандар болсо, Карабуура райондук соттун чечимине нааразы болушуп, нааразылык акцияларын өткөрүүгө даярдык көрө башташты. Бул тууралуу төө буурчак өстүрүүчүлөр кооперативинин төрагасы Элүүбай Отунчиев кабарлады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG