Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

«НАРЫНГИДРОЭНЕРГОКУРУЛУШТУ» МЕНЧИКТЕШИРҮҮ БОЮНЧА ЧЫР ЧЫКТЫ


Сапар Орозбаков, Бишкек Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнүн айланасында дагы бир чыр чыкты. Мыйзам чыгаруу жыйынынын Отун-энергетика комитети ««Нарынгидрокурулуштун» сатылышы туура эмес» деп Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестицияларды тартуу комитетин жана Социалдык фонду айыптап жатат. Ал эми аталган комитет менен Соцфонд менчиктештирүү мыйзам чегинде жасалганын билдирүүдө.

Токтогул электр станциясынан баштап Камбарата электр станцияларына чейинки ГЭСтерди куруп келген «Нарынгидроэнергокурулуш» ишканасы, учурунда Жогорку Кеңештин 2 палатасы бекиткен, 2001-2003-жылдардагы менчиктештирүү программасына кирген. Бирок, 2003-жылдын 30-декабрында Мыйзам чыгаруу жыйыны бул маселеге кайра кайрылып, аны менчиктеширилчү ишканалардын тизмесинен алып салуу тууралуу токтом кабыл алган. Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестицияларды тартуу комитети палатанын мындай токтомуна карабай, аталган ишкананын мамлекеттин колунда калган 31% акциясын сатып жиберет.

4-февралда палатанын Отун-энергетика комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестицияларды тартуу комитетинин жана Социалдык фонддун жетекчилерин чакырып, териштирүү өткөрдү. Палатанын комитет башчысы Тайырбек Сарпашев чырдын маңызын мындайча түшүндүрдү:

- Ишкананын жамааты октябрь айында мага ««Нарынгидрокурулушту» сатпай кое турсаңар, биздин жамаатка берсеңер, 40 жылдан бери иштеп келатабыз» деп кайрылган. Декабрь айында биз комитеттин жыйынын чакырганбыз. Ага Мамлекеттик мүлк фондусунун орун басарлары жана башка жооптуу кызматкерлер келишкен. «Программадан чыгарбайлыбы» десем, алар «макул» дешкен. Комитеттен тиешелүү бүтүм чыгарылган. Көп өтпөй декабрь айынын аягында «Нарынгидроэнергокурулуштун» акциясын сатпоо тууралуу чечимди палатанын кароосуна алып чыккам. Депутаттар макул болуп, палатадан бул чечим өткөн болчу. Ошого карабай Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестицияларды тартуу комитети аны 6-январда жеке компанияга сатып жиберди.

Комитетте ошондой эле 31% акцияны «Нэман» аттуу компания 72 млн. сомго сатып алгандыгы жана ишкана ээси Осмон Артыкбаев атуу кыргызстандык ишкер экендиги айтылды. «Нэман» бул акциялардан тышкары Социалдык фонддун колундагы 24% акцияны да кошо сатып алып, «Нарынгидроэнергокурулуштун» акцияларынын көзөмөлдүк пакетине ээ болууга жетишкен. Социалдык фонд ««Нэман» акчаны төлөп бүткөндөн кийин гана акцияны өткөрүп берем»,-деп келишим түзгөн.

Ал эми мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестицияларды тартуу комитети 72 млн сомду ««Нэман» 5 жыл ичинде төлөп берет» деп макулдашып, акцияларды «Нэманга» өткөрүп берген. Бул маселе тууралуу Мамлекттик мүлктү башкаруу жана тикелей инвестицияларды тартуу комитетинин төрагасы Равшан Жээнбековдун пикири мындай:

- Бизге депутаттар «силер Мыйзам чыгаруу жыйынынын чечимин аткарган жоксуңар» деген күнөө коюп жатышат. Юридикалык анализ кылып көрөлү. Менчиктештирүү жөнүндө мыйзам, программа жана менчиктештирүүнүн концепциясы бар. Үч документ тең эки палатада бекитилген мыйзамдар. Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынан бул тууралуу бир эле чечим бар. Эгерде, бул чечим берки палатадан өтүп, бекитилсе, анда мыйзам болуп эсептелет эле. Азыр биз мыйзам бузган жокпуз. Туура, биз палатанын чечимин аткарган жокпуз. Бирок, биз мен жана айткан мыйзамдарга таяндык. Бул палатанын чечимин аткарсак, «туура эмес кылдыңар» деп айыпташмак. Менин көз карашымда биздин чечим мыйзамдуу.

«Нарынгидроэнергокурулуш» көп жылдан бери иши жок, токтоп турган ишкана болчу. Буга окшош токтоп турган ишкана Кыргызстанда көп.

Бул ишканага кызыгуунун пайда болушу 2 себеп менен түшүндүрүлөт. Биринчиден, быйыл гана Камбарата ГЭСин курууга 240 млн. сом бөлүнүп, анын коллективи иштен үмүт кылып отурат. Эгерде Камбарата ГЭСтерин курууга инвестиция чыгып кала турган болсо, бул ишкананын күнү тууй тургандыгы айтпаса да түшүнүктүү. Экинчиден, шайлоо жакындап келе жатканы маалым. Байкоочулардын айтымында, «Нарынгидроэнергокурулуштун» коллективи шайлоодо кимди колдосо, анын депутат болуу мүмкүнчүлүгү чоң.

Комитет бул маселени кайрадан палатанын кароосуна алып чыкмак болду.
XS
SM
MD
LG