Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

БУУӨПнын жаңы программасы талкууланууда


БИШКЕК. Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) Бишкектеги өкүлчүлүгүндө бул уюмдун 2005-2010-жылдарда Кыргызстанда аткара турган программасынын долбоору талкууланды. Талкууга премьер-министр Николай Танаев төрагалык кылды. БУУӨПдүн ал документи «Өлкөлүк программалык документ» деп аталат жана аны ишке ашыруу үчүн 2010-жылга чейин 10 миллион доллар грант бөлүнөт. БУУӨПдүн өкүлдөрүнүн айтымында, БУУӨП программалык документти ишке ашыруу үчүн жакырчылыкты кыскартуу, демократияны колдоо, адам коопсуздугун бекемдөө жана регионалдык кызматташууну өнүктүрүү багытында иш алып барат. Документ бүгүнкү талкууда айтылган сунуштарды эске алуу менен толукталат. Андан кийин өкмөттүн бекитүүсүнө коюлуп, акырында БУУӨПдүн Нью-Йорктогу штаб квартирасынын кароосуна жиберилет.

XS
SM
MD
LG