Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:20

Мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси ачык болот


БИШКЕК. Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтын ачыктыгын жана акыйкат башкарууну камсыз кылуу үчүн атуулдардын кирешесине мунапыс жарыялоо тууралуу мыйзам кабыл алуу зарыл. Мындай пикирин премьер-министр Николай Танаев шаршембиде, Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган GSAK программасын ишке ашырууну талкуулаган жыйында билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, мындай мыйзам кабыл алынса, атуулдардын бардык кирешелери менен чыгымдарын аныктоого кеңири шарт түзүлөт. Жыйында мындан ары Кыргызстанда мамлекеттик кызматка адистер конкурс менен жана кирешеси тууралуу декларация толтургандан кийин гана кабыл алынаары айтылды. Ал үчүн азыр мамлекеттик кызматта иштөөнү каалаган талапкерлерди тандап, алардын кирешеси тууралуу декларацияларын текшерип, кадрлардын резервин даярдоо максатында мамлекеттик кызмат боюнча улуттук комиссия түзүлүп жаткандыгы кабарланды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG