Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Казакстан парламенти коңшуларына кайрылуу жолдоду


БИШКЕК. Шаршемби күнү Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Умарзак Узбеков Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушту. Анда Узбеков Казакстандын межилисинин Шардарыя суу сактагычына байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери менен парламенттерине жолдогон кайрылуусун тапшырды. Мындай маалыматты бүгүн тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Ал маалыматка караганда, кайрылууда Шардарыя суу сактагычына Сырдарыядан көп өлчөмдө суу куюлуп, суу сактагычтын тосмолору жарылуу абалына келип калгандыгы, суу сактагычтын тосмосу жырылып кете турган болсо бүткүл Борбор Азия аймагына экологиялык жана социалдык ири кесепетин тийгизээри кабарланган. Тышкы иштер министри Аскар Айтматов кайрылуу президент менен парламентке тезинен жолдоноорун жана бул маселени Борбор Азиядагы мамлекеттер биргелешип чечүүсү зарыл экендигин эске салды.

XS
SM
MD
LG