Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Европа биримдиги Кыргызстандын «Шайлоо» кодексине ыраазы эмес


БИШКЕК. Европа биримдиги Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Венада жайгашкан туруктуу кеңешинин Кыргызстандагы учурдагы кырдаалга байланыштуу 29-январда өткөн жыйынынан соң билдирүү таратты. Анда Биримдик Кыргызстан менен кызматташууга чоң маани берээри жана ага далил катары өлкөнүн Ички иштер министрлигине көрсөтүлүп жаткан колдоосу айтылган. Ошондой эле билдирүүдө Европа биримдиги «Кыргызстанда ачык жана адилет шайлоо өткөрүүгө жардам берүүгө даяр экендиги, бирок өлкөнүн өткөн жылы декабрь айында өзгөртүлгөн «Шайлоо кодекси» мындан дагы жакшыртылууга муктаж экендиги белгиленген. Ал эми Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кодекстин түзөтүлгөн варианты эл аралык стандарттарга дал келерин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG