Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕГАРАСЫНАН ЭТТЕН ЖАСАЛГАН ТАМАК-АШ АЛЫП ӨТҮҮГӨ ТЫЮУ САЛЫНДЫ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Учурда Түштүк-чыгыштагы бир катар өлкөлөрдө пайда болгон “канаттуулардын сасык тумоосунан” бир нече адам каза болду. Буга байланыштуу бүгүн Кыргызстандын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү департаментинин башчысы Садыржан Абдыкеримов маалымат жыйынын өткөрүп, кыргыз-кытай чегарасынан эттен жасалган тамак-аш алып өтүүгө тыюу салынгандыгын билдирди

Дүйнөлүк маалымат каражаттарынын кабарлоосуна караганда, мындай оорунун белгилери учурда Түштүк-чыгыш Азиядагы он өлкөдө катталып, андан бир нече адам каза болду. Кыргызстандын Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүү департаментинин башчысы Садыржан Абдыкеримовдун айтымында, бүгүнкү күнү Кыргызстандын тоок фабрикаларында мындай оорунун белгилери байкала элек. Ошондой болсо да оорунун башка өлкөлөрдөн келип, таралышын алдын алуу чаралары көрүлүүдө. Маселен, кыргыз-кытай чегарасындагы Эркечтам, Торугарт текшерүү пункттарында жана «Манас» аба майданында санитардык-карантин жайлары уюштурулду. Мындан сырткары, Кыргызстандын Айыл, суу жана кайра иштетүү министринин токтому менен кыргыз-кытай чегарасынан эт жана эттен жасалган тамак аш алып өтүүгө тыюу салынды.

- Ошондой эле Бишкектеги ири базарларда сатылган канаттуулардын этин кылдат текшерүүдөн өткөрүү боюнча көзөмөл күчөтүлдү, - дейт Садыржан Абдыкеримов: - Базардагы сатылып жаткан эт Ветеринардык департамент тарабынан көзөмөлдөнөт. Департаменттин ар бир райондо санитардык лаборатиясы бар. Сатылган эт мына ошол лабароториядан текшерилет. Андан соң алар этке өздөрүнүн мөөрүн басып берет. Демек, этте мөөр тургандан кийин ошол жердеги лабораториянын кызматкерлери жооп берет.

Садыржан Абдыкеримовдун айтымында, канаттуулардын сасык тумоосу көбүнчө сууда сүзгөн, каз, өрдөк сыяктуу канатууларда көп учурайт. Эгерде, сасык тумоо адамга жуга турган болсо, ал тез аранын ичинде түрүн өзгөртүп, адамдын денесинде өрчүп кетүүгө жөндөмдүү. Бирок, учурда Кыргызстанда канаттуулардын сасык тумоосун аныктай турган медициналык жабдуулар жок:

- Бүгүнкү күндө бизде, канаттуулардын сасык тумоосун аныктоого шарт дагы, мүмкүнчүлүк да жок.

Ошондой эле, ал канаттуулардын сасык тумоосун адамдын сасык тумоосун дарылаган сыяктуу эле айыктырса болоорун белгиледи. Садыржан Абдыкеримов учурда Кыргызстанда адамдын сасык тумоосуна каршы колдонулуучу дары-дармектер жетиштүү экендигин кошумчалады.
XS
SM
MD
LG