Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:02

БҮГҮН ЭЛ ӨКҮЛДӨР ЖЫЙЫНЫНЫН КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ БОЛОТ


Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 18-кезексиз сессиясы болот.

Анда өкмөттүн жаңы структурасын бекитүү, Жогорку Соттун төрайымдыгынан Нэля Бейшеналиеваны бошотуп, аны Юстиция министрлигине дайындоо жана Жогорку Сот төрагасын дайындоо сыяктуу төрт маселе каралат. Сессиянын күн тартибиндеги негизги маселе - өкмөттүн жаңы структурасын бекитүү. Жаңы структура тууралуу президент Аскар Акаев сөз сүйлөп, аны палатанын кароосуна коет. Президенттин Эл өкүлдөр жыйынындагы өкүлү Таштемир Токторбаевдин айтымында, жаңы структура министрлик, мекемелердин ишмердүүлүгүн бир жарым жылдык иликтөөнүн негизинде түзүлдү жана ал мамлекеттик каражатты үнөмдөп, аткаруу бийлигинин ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатын көздөйт:

- Депутаттардын көпчүлүгү эки жылдан берки сессияларда «бир министрлик экинчи бир министрликтин милдеттерин кайталайт» деген дооматтарды айтып жүрүшөт. Чындыгында эле төрт-беш министрлик милдеттери боюнча бири-бирин кайталаары аныкталды жана ошол кайталаган милдеттерин кошуп бир министрлик түзүлдү. Мындан, биринчиден, кызматкерлердин саны кыскарат. Кайра түзүүгө бюджеттен каражат коробойт. Эң башкысы жаңы түзүлгөн министрлик экономиканы көтөрүүгө жакшы салым кошот деген ишеним бар.
XS
SM
MD
LG