Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:59

Пакистан президенти улуттук атом бомбасын түзгөн илимпоздун күнөөсүн кечти


Исламабаддагы пресс-конференцияда президент Первез Мушарраф өкмөт Абдул Кадыр Хандын айыбын кечүүнү сунуш кылганын айтып, ал улуттук баатыр экенин, каталык кетирип, өлкөгө зыян келтиргенин, бирок ошентсе да анын күнөөсүн кечүүнү туура тапкандыгын билдирди. Профессор Абдул Кадыр Хан андан бир күн мурда улуттук телеканал аркылуу чыгып сүйлөп, Пакистандын атомдук айрым технологиялары чет өлкөлөргө жең ичинен сатылып келгенин тастыктаган, бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жана элден кечирим сураган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG