Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

МОСКВА МЕТРОСУНДАГЫ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ ОТУЗДАН АШУУН КИШИНИН ӨМҮРҮН АЛДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бүгүн Москванын метросунда болгон жардыруудан отуздан ашуун киши набыт болуп, жүздөгөн киши жарадар болду. “Автозаводская” станциясынан “Павелецкая” станциясын карай келе жаткан электрпоезддин экинчи вагону жардырылган. Жер астындагы поезд жүрчү тоннелде өрт чыккан. Аны өчүрүү эң татаал болгондуктан, ара жолдо калган кишилерди куткаруу кыйынчылык туудурган. Бейрасмий булактын билдиргенине караганда, вагонду жанынан кечкен киши жардырган.

Бүгүн эртең менен саат 8ден 40 мүнөт өткөндө “Автозаводская” станциясынан калаанын ичин карай бет алып чыккан электропозддин экинчи вагону “Павелецкая” станциясына 500 метр калганда жардырылган. Вагондун ичиндеги жүргүнчүлөр түгөл набыт болушкан. Танапташ вагондун айнектери күбүлүп калган. Тоннелдин ичин өрт каптаган. Өрт капаста калган жүргүнчүлөрдү куткарууну татаалданткан.

Эртең мененки саат 11де расмий бийликтер метродо жардырууда набыт болгондор 30 чакты киши деп билдирген эле, ал эми саат 12де өмүрүнөн ажырыгандардын саны дээрлик 39 адамга жетти деп кабардалды.

Жабыр таркандардын бири мындай дейт:

- Биз тоннель менен Павелецкийге дейре өзүбүз келдик. Жөө келдик.

Жардыруу болгон вагонго артынан чиркелген вагондордун биринде болсо да, анын бети-башы кан жалап, кыйла жараат алыптыр. Камаарабай сүйлөсө да эси чыгып калганы байкалып турду.

Жардырууга дуушар болгон поездди башкарган машинист Владимир Горелов:

- Экинчи вагондун тамтыгы калбай толук кыйраптыр. Үчүнчү вагон күү менен келип, арткы вагондун ичине кептелип калыптыр.

Эртең мененки башынан өткөн окуя аны кыйла эле эңги-деңги кылыптыр. Өңү купкуу, оозу бош.

Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын өкүлүнүн сөзүнө караганда, жардырууну жанынан кечкен киши жүзөгө ашырган. Бирок кайсы бир булак террордук чабуулду жасаган кишини “эркек” деп, башка бирлери - аны “аял” деп жатат.

Ошол эле учурда Маскөөнүн жетекчилеринин бири Валерий Щанцев:

- Муну жанынан кечкен кимдир бирөө жардырган жок, тескерисинче, (террорчулар) жардыргыч зат ичине салынган кутуну вагонго алып кирип таштап салып, кийинчерээк жардырышты.

Президент Путин бүгүн Кремлде расмий сапар менен Орусияга келген Азербайжандын президенти Илхам Алиевди кабыл алып, сүйлөшүүлөр маалында метродогу террордук чабуул окуясына да кайрылып, эл аралык коомчулукту терроризмге каршы биргелешип күрөшүүгө чакырды:

- Бул жыйырма биринчи кылымдын “чума оорусун” бардык күчүбүздү бириктип гана жеңе алабыз.

Ал эми чечен жикчилеринин президенти Аслан Масхадовдун өкүлү, ушул тапта Лондондо турган Ахмед Закаев “Азаттыктын” бул террордук чабуулга байланыштуу суроолоруна жооп узатып, Москва метросундагы террордук чабуулга Масхадовдун бийлигинин эч тийешеси жок деп билдирди.

- Карапайым калайыкка каршы террордук чабуулду эч кандай актоого болбойт. Чечен Жумуриятынын өкмөтү террорчулуктун бардык түрүн айыптап келгендигин мен расмий түрдө жарыялайм.

Ушул тапта жабыр тарткандарга чукул жардам көрсөтүү чаралары улантылууда.

XS
SM
MD
LG