Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:36

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН КУРАМЫ ӨЗГӨРДҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз чакырылган ХVIII сессиясы 6- октябрда өз ишин баштады. Анда президент Аскар Акаев сөз сүйлөп, өкмөттүн структурасын өзгөртүү боюнча сунушун киргизди. Депутаттар көпчүлүк добуш менен мамлекет башчынын сунушун толугу менен колдоп беришти.

Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаевдин айтымында, аталган палатанын кезексиз сессиясы мамлекет башчынын демилгеси менен чакырылды. Сессиянын күн тартибине президент тарабынан төрт, ал эми депутаттык комиссиялар тарабынан эки маселе сунушталды. Депутаттар өкмөттүн структурасы боюнча маселени журналисттердин катышуусунда талкуулап, калганын жабык эшик артында кароо тууралуу чечим кабыл алышты.

Алгач Аскар Акаев сөз сүйлөдү. Ал Николай Танаев жетектеп жаткан өкмөт өзүнө коюлган милдеттерди ийгиликтүү аткарып жаткандыгын белгилеп, бул жолу өкмөттүн структурасына айрым өзгөртүүлөр киргизилээрин, бирок, өкмөттүн курамы толук алмаштырылбай тургандыгын эскертти. Мамлекет башчы мурдагы Соода жана өнөржай министрлигинин негизинде Экономиканы өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлигин түзүүнү сунуштады. Жаңы түзүлгөн бул министрликтин курамына Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тике инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитет, Каржы министрлигинин курамындагы Экономикалык жана социалдык реформалар борборун, ишкерликти өнүктүрүү боюнча комиссияны, монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссияны, премьер-министрдин аппаратындагы корпорациялык өнүктүрүү боюнча борборду, стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекцияны кошууну сунуштады.

Президент Аскар Акаев социалдык- маданий тармакта да төмөндөгүдөй өзгөрүү болоорун маалымдады:

- Маданиятты өнүктүрүү боюнча өз алдынча мамлекеттик комиссия түзүүнү максатка ылайык көрдүк. Билим берүү жана маданият министрлигинин аталышы эми «Билим берүү министрлиги» деп өзгөрөт.

Коопсуздук тармагында кандай өзгөрүү болоорун мамлекет башчы мындай чечмеледи:

- Биз кылдат иликтөөлөрдөн кийин Ички иштер министрлигинин экономикалык кылмышка каршы күрөшүү функциясын жоюп, анын милдетин Каржы полициясына өткөрүп бердик. Ошондой эле чет өлкөлөрдө колдонулгандай милиция кызматкерлерин эми «полиция кызматкерлери» деп атоо максатка ылайык.

Андан аркы сөзүндө Аскар Акаев мамлекеттик кызматкерлерди тандоо жана алардын адистигин жогорулатуу максатында Мамлекеттик кызмат иштери боюнча улуттук комиссия түзүлөөрүн кошумчалады. Мындай өзгөрүүлөрдүн максатын Аскар Акаев төмөндөгүчө түшүндүрдү:

- Демек, өткөөл учурдун милдеттерин чечкен айрым ведомстволордун иштери тарып, эми алардын милдетин атайын органдарсыз эле аткарууга мүмкүн болуп калды. Ошондуктан, биз түзгөн бирдиктүү админстративдик структура ушул кемчиликти түзөйт.

Мамлекет башчыдан кийин чыгып сөз сүйлөгөн депутаттардын дээрлик баары мамлекет башчысынын жогорудагыдай сунушун колдошту. Депутат Жаныш Рүстөнбеков гана мамлекет башчынын сунушун сынга алды:

- Урматтуу Аскар Акаевич, сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстандын мыйзамдарына толук түрдө жооп бербейт. Мындай кадамдарга барыш үчүн биз адегенде, Конституциянын 59-беренесине ылайык алгач өкмөттүн структурасы тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышыбыз керек болчу. Андай болгондо, депутаттар өкмөттүн курамы тууралуу мыйзам долбооруна ар түрдүү өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүгү болмок. Мындан сырткары, Башмыйзамдын 70-беренесине ылайык өкмөттүн курамы жалаң эле комитеттерден эмес, өкмөт башчы, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттерден турат.

Түшкү тыныгуудан соң мамлекет башчынын жогорудагы сунушу көпчүлүк депутаттардын колдоосу менен бекитилди. Бул жолу мамлекет башчынын сунушу менен Каржы, Тышкы соода жана өнөржай, Билим берүү жана маданият министрликтеринин функцияларына өзгөртүү киргизилди. Мамлекет башчы соңку сөзүндө Эл өкүлдөр жыйынынын жазгы сессиясында өзгөртүлгөн министрликтердин башчыларын кайра шайлоо болоорун кошумчалады.

XS
SM
MD
LG