Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:08

КЫРГЫЗ ДАРЫГЕРЛЕРИНИН АДАМ ОРГАНДАРЫН КӨЧҮРҮҮ АРАКЕТИ ИШКЕ АШАБЫ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Кыргызстанда жылыга 100гө жакын адам бөйрөк салдырганга муктаж болот. Бөйрөк алмаштыруу операциясы чет мамлекеттерде 20-30 миң доллар турат. Кыргыз хирургдары мындай оор операцияны Кыргызстандын шартында жасаганга белсенип жүрүшөт. Бирок, бул тилек турмушка ашаар бекен?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун иликтөөлөрү боюнча бир жыл ичинде кыргызстандык 100 адам бөйрөк салдырганга, 80ге жакыны жүрөгүн, дагы 80ге чукул адам боорун алмаштырганга зар болот. Бирок, алардын баары эле тилегине жете албайт. Анткени, Кыргызстанда андай операциялар жасалбайт. Чет мамлекетке барып жасатып келгенге кыргызстандыктардын дарманы жок. Профессор Сейтхан Жошибаевдин айтымында, колунда барлар чет жактан жаңы бөйрөктүү болуп келген учурлар бар. Жыл жаңыргандан бери эле кыргызстандык төрт киши чет жакка барып, башка бөйрөк салдырды. Бири операцияны Орусиядан 25 миң долларга, калганы Пекинден 20 миң долларга жасатышкан.

Жыл башында улуттук кардиология борборунун негизинде жүрөк хирургиясы жана органдарды тарнсплантациялоо борбору ачылды. Президент Аскар Акаев 2003- жылы 11–октябрда органдарды көчүрүү маселесине айрыкча көңүл буруу тууралуу жарлыгын чыгарган. Ага ылайык бир жылда мамлекеттик казынанын эсебинен 5 бөйрөк алмаштырууга жана 300гө жакын жүрөккө жасалчу операцияларга каражат бөлүнүшү керек. Бирок, мамлекет башчынын бул жардыгы чындап турмушка ашкыча алдыда дагы далай түйшүк бар. КАМЭК менчик клиникасынын башчысы профессор Эркин Мамытов убагында Литвада орган алмаштыруучу клиникада бир канча жыл иштеп келген. Анын ою боюнча, буга кыргыз эли даяр эмес. Эң башкысы - мындай операциялардын жасалышына мусулманчылык жана менталитет жол бербейт деген ойдо:

- Кыргыз эли азыр буга даяр эмес. Биринчиден, экономикалык абал начар. Экинчиден, улуттун психологиялык барьерин бузуп өтө элекпиз. Мисалы, Ирандын медицинасы мындай тилегин ишке ашыра албай калган. Себеби, мусулманчылык күчтүү болгондуктан Иран эли буга катуу каршы туруп, донор издөөдө туугандары каршы чыгып, бул көрүнүштү кабыл албай койгондуктан трансплантация өнүкпөй токтоп калган. Дал ушундай көрүнүш бизде да кайталанышы мүмкүн.

Байкоочулардын баамында органдарды көчүрүү кыргыз хирургдарынын колунан келчү иш. Болгону ага зарыл шарттарды түзүү керек дешет. Донор адамдын бөйрөгү экинчисине дал келеби - аны текшере турган PCR аппарты Кыргызстанда бар. Аны иштете турган адистер болгону менен аларды бир аз окутуп, тажрыйба алмашууга жөнөткөн оң. Профессор Сейтхан Жошибаевдин айтымында дүйнөлүк тажрыйбада трансплантациянын башаты бөйрөктөн башталган, кыргыз хирургдары да ишти бөйрөктөн баштоону көздөп турушат. Адистердин айтымында, баарынан да жүрөктү алмаштырган оор. Жүрөк согуп иштеп турган бойдон салыныш керек. Ал эми бөйрөктү алмаштыруу бир кыйла жеңилирээк дешет адистер:

- Деги эле дүйнөлүк медицина орган алмаштырууну бөйрөктөн баштаган. Бара- бара жүрөктү, анан боорду алмаштыра баштаган. Бөйрөктү каза болгон кишиден алса болот. Башкысы - донор адам каза болгондон кийин 2 сааттын ичинде алып, аны салуу керек. Ал эми жүрөк деген согуп турушу керек. Жүрөктү адатта автокырсыкка кабылып, мээси чачырап кеткен, бирок жүрөгү согуп тургандардыкын алышат. Бөйрөктүн дагы кайсы жери жакшы? Адамда эки бөйрөк болот да. Бир бөйрөгү иштеп турат да, кокус жаңы салынган бөйрөк иштеп кете албай калса адам өмүрүнө коркунуч келбейт, - дейт профессор Жошибаев.

Транспалантациялоодо ошол органды бере турган донорду табыш оор маселе. Коңшу Казакстан менен Кытайда бул жагы чечилген деген маалыматтар бар. Мисалы, Кытайда мыйзам боюнча өлүм жазасына чегерилген кылмышкерлердин органдары трансплантациялоого донорлук кызмат кылаары жазылган.

Адистердин болжолунда бир жылдан кийин Кыргызстанда бир адамга бөйрөк салынып, бир адамдын өмүрү узарса чоң жетишкендик болот. Профессор Жошибаевдин айтымында, Чүй боорунда автокырсыкта каза болгондордун бөйрөгү донор болушу ыктымал. Анүчүн соттук - медициналык эксперттерден турган чоң комиссия муктаж адамга дал ушул бөйрөк туура келет жана аны көчүрүүгө уруксат деп табышы керек. Баса, каза болгон адамдын жакындары жана үйбүлөсү маркумдун бөйрөгүн алганга уруксат береби же жокпу - бул оор суроо да чоң маселе бойдон калмакчы. “Маркумдун денесине бычак тийгизүүнү каалабаган кыргыз журтчулугунун кулк мүнөзү медицинадагы бул тармактын өнүгүшүнө тоскоол болот го” деп чочулашат адистер.
XS
SM
MD
LG