Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:42

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫШКЫ СПОРТ КАРООСУЗ КАЛДЫ


Кыргыз жергесинде лыжа мелдештери 1926-жылдан бери өткөрүлүп келген. Бишкек, Каракол жана Нарын шаарларында бир убактарда лыжа секциялары иштеп турган. 1936- жылы Караколдо лыжа менен чуркоо боюнча Кыргызстандын биринчи чемпионаты өткөн. Бишкектен Алматы, Москвага чейин лыжалык жүрүштөр уюштурулган. Кыргызcтандыктар Союздук мелдештерге, СССР элдеринин кышкы спартакиадаларында азыноолак ийгиликтерге да жетишкен. Балдар арасында хоккей боюнча «Алтын шайба» мелдештери өткөрүлүп турчу. Эгемендүү өлкө болгону кышкы спортко анча көңүл бурулбай калды.

Эгемендүү эл болгондон бери лыжа спортунун дээңгээли төмөндөп кеткен. Шыпка чейин тизилген мектептердеги лыжалар эскирип, сынып, сатылып жок болду. Учурда өлкө боюнча беш гана машыктыруучу калды. Анын үчөө Бишкекте, калган экөө Нарын менен Караколдо иштейт.

Азыр сапаттуурак лыжа сатып алгың келсе бир жылкынын баасына барабар. Карапайым калк лыжа сатып алууга да чамасы жетпейт. «Нооруз», «Оорусайдагы» лыжа базалары президенттин алдындагы иш-башкаруу башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп, киреше табуунун булагына айланып баратат. Жакшы адистердин көбү башка жактарга кетип, лыжа спорту көңүлдөн чыгып бараткандай. Кыргыз дене тарбия институтунун ректору Абакир Мамытов окуу жайдын Кой-Таштагы базасы жана кышкы спорттун абалы жөнүндө мындай дейт:
- Чынында лыжа спортунун таасири төмөндөп кетти. Эми кайрадан жандануу башталды. Дем алыш күндөрү биздин Кой-Таштагы лыжа базабызда эс алып, лыжа тепкендер арбын болуп калды. Биздин институт да лыжа спорту боюнча адис- машыктыруучуларды даярдап, 15 студент лыжа адистиги боюнча билим алууда. Былтыртан баштап тоо лыжасы боюнча да адистик ачтык. Тоо лыжасынын жабдуулары абдан кымбат болуп, бул маселе кендирди кесип жатат. Ошентсе да спорттуy бул тармагын өнүктүрүү учурдун талабы.

Чындыгында, Кыргызстандын жаратылышы, ак кар, көк музу спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүдө абдан ыңгайлуу. Айрыкча Нарын облусундагы узак кыш, Ысыккөлдүн тоолуу аймагы, Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мүмкүндүк берет. Кыш мезгилинде гана эмес, жаз жана жай айларында да ак кар- көк музу кетпеген мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө шарт бар. Мындай жагдайды Орусиянын Президенти Владимир Путин да байкап, биргелешип лыжа базасын куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилге Кыргызстандын спорт жетекчилери тарабынан колдоого алынган жок. Атүгүл өлкөгө келген чет элдик меймандар да таап, эларалык лыжа базаларын куруу менен кар менен жаратылыштан пайда көрсө болоорун суктануу менен айтып жүрүшөт.

Кар көрүүгө зар болгон Азия мамлекеттеринин адистерин да Кыргызстанда биргелешип тоо лыжа базасын курууга тартса болчудай. «Спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүнүн келечеги жок, каражатты көп талап кылат» деген кыяздагы жетекчилер да болууда. Азыркы учурда кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы. Себеби, жыл өткөн сайын Азиянын кышкы оюндарынын жана кышкы олимпиада оюндарынын дуйнөлүк таасири артып баратат. Кыргызстандык спортчулар Лиллехамeр, Нагано, Солт-Лейк-Сити шаарларында өткөн кышкы олимпиадаларга, Харбин, Кангвон жана Аомори шаарларында өткөн Кышкы Азия оюндарына катышып келишкен. Азия өлкөлөрү кышкы спортту өнүктүрүүгө кызыкдар. Коңшу Казакстан Азиянын кышкы оюндарында Кытай, Жапония өлкөлөрүнөн кийинки үчүнчү орунду ээлеген.

Кышкы спорттун өнүктүрүүнүн келечегине ишенген Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев төмөндөгү оюн билдирди:

- Кыргызстандын жаратылышы, тоолору спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө абдан ыңгайлуу. Муну чет өлкөлөргө барганымда кесиптештерим да «кардан бизнес жасасаңар болот эле» деп белгилешет. Кышкы спорт - бул ден соолукка өтө пайдалуу. Өлкөбүздүн мөңгүлөрүндө жыл бою лыжа тепсе болот. Бишкектин айланасындагы Аламүдүн муз төрүндө 6-7 ай лыжа тээп, машыккандар да бар.

Бишкектин айланасындагы «Оорусай», «Чуңкурчак», «Чоңташ» жана «Нооруз» лыжа базаларына көңүл буруп, спорттун бул тармагын өнүктүрүүгө мамлекет каражат бөлгөнү оң. 2004-жылы өткөрүлүшү белгиленген беш жүздөн ашык иш-чаралардын ичинен кышкы спорттун түрлөрү боюнча беш гана мелдеш белгиленгени да өкүндүрөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG