Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Индия Пакистандын өзөктүк куралдарына байланышкан окуяны иликтегенге чакырды


ДЕЛИ. Индия Пакистандын өзөктүк куралдары жөнүндөгү маалыматтын кандайча сыртка чыгып кеткендигин иликтөөгө чакырды. Бул чакырык пакистандык окумуштуу Абдул Кадыр Ханга ырайым кылынгандан бир күндөн кийин жасалып отурат. Кадыр Хан өзөктүк технологиялар боюнча жашыруун маалыматтын башка өлкөлөргө чыгып кеткени үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, ал үчүн президенттен кечирим сураган эле. Первез Мушараф Кадыр Хандын күнөөсүн кечкендигин билдирди, бирок Эл Аралык Атомдук Энергия Агенттигинин башчысы Мохаммед Эл-Барадейи Хандын атомдук технологияга байланышкан аракеттерин териштирүү улантыла турганын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG