Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Кипрлик түрктөрдүн лидери аралды бириктирүү сүйлөшүүлөрүнө катыша турганын билдирди


АНКАРА. Кирдик түрктөрүн лидери Рауф Деңкташ экиге жиктелген аралды бириктирүү боюнча сүйлөшүүлөргө катыша турганын билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннандын демилгеси менен өтө турган сүйлөшүүлөр келээрки шейшембиде Нью Йоркто башталат.
Эгерде биринчи майга чейин тараптардын ортосунда мунасалуу келишим жетишилбесе, Еврошаркетке Грек Кипр Республикасы гана кабыл алынмакчы. Улуттар Уюму түрк тарабын аралды бириктирүү планын ишке ашырууну ыкчамдатууга үндөп келет. Мындан мурда Еврошаркеттин уюмду кеңейтүү иши боюнча жооптуу өкүлү Гүнтер Ферхойген эки тарап проблеманы чечүүгө ниеттүү болуп тургандыктарына ишенимин билдирген.

XS
SM
MD
LG