Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Кар көчкүнүн алдында калган адамдын сөөгү табылды


БИШКЕК. Актерек айылынын кар көчкүнүн алдында калган тургуну - 21 жаштагы Жолболду уулу Айтмааректин сөөгү 5-февраль күнү кечинде табылып, туугандарына берилди. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар жана экология министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Ош облусунун Өзгөн районундагы Саламалик айыл өкмөтүнө караштуу Актерек айылынын тургуну Айтмаарек Жолболду уулу 31-январь күнү Актоо капчыгайына малга тоют алып келүү үчүн баратканда 500 куб.метр көлөмүндөгү кар көчкүнүн алдында калган. Буга чейин Оштогу мобилдик-сактап калуу батольону, жергиликтүү элдер жана Өзбекстандын ички иштер министрлигинин кинологдору бир апта бою издөө иштерин тынымсыз жүргүзүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG