Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:43

Парламентте «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланууда


БИШКЕК. Парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды кароону улантышууда. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюм, мекемелердин иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү, чет мамлекеттер менен расмий байланыштарда Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттик тилдин колдонулушу, мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары тарабынан атуулдарга расмий документтердин мамлекеттик тилде, ал эми зарыл учурларда расмий тилде берилиши каралган беренелер талкууланды. Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин экинчи бөлүгүнө депутат Өмүрбек Текебаевдин сунушу менен өзгөртүү киргизилди. Алгач ал беренеде “мамлекеттик тилди өздөштүрө элек эмгек жамааттарында иш кагаздары мамлекеттик тил менен катар расмий тилде жүргүзүлүп, ырааттуу түрдө мамлекеттик тилге өткөрүлөт” деп жазылган. Депутат ал беренеге “өкмөттүн чечими менен республиканын аймагындагы айрым аймактарда мамлекеттик тил менен бирге расмий тил да колдонулат жана ырааттуу түрдө мамлекеттик тилге өткөрүлөт” деген өзгөртүүнү сунуштады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG