Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:07

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТЫШКЫ КАРЫЗЫ УЛУТТУК ДҮҢ ПРОДУКТУСУНАН АРБЫН


Кыргызстандын тышкы карызы анын бир жылдык ички дүң продуктусунан көп. Кыргыз сомунун 1998-жылкы кризистен кийин куну качып, доллар курсу көтөрүлүп кеткенден кийин өкмөт мамлекеттик карыздын так эсебин алып, аны ыраатка салуу аракетин жасай баштады. 1999-жылдан Каржы министрлигинде атайын бөлүмдөр ачылып, тыштан кредит - карыз алуунун механизми мыйзамдык негизге салынды.

Кыргызстандын тышкы карызынын жалпы эсеби 1 миллиард 760 миллион долларды түзөт. Муну республикада жашаган калктын жан башына эсептей келгенде орточо эсеп менен 350 доллар акчадан айланат. Бул сан жылдан-жылга көбөйүүдө. Алынган карызды убагында кайтарып берүүгө республикалык бюджеттин чама-чаркы чак. Ошондон кыргыз өкмөтү төлөө маалы келген карыздарды кайтарууну кийинкиге жылдыруу аракетине киришти.

Эларалык каржы уюмдары, эки тараптуу келишимдин негизинде карыз берген өлкөлөрдүн көбү алдагыдай айласыз амалга макул. Жыл санап үстөк пайызы менен көбөйүп бараткан карыз акчаларды Кыргызстан кайтарууга милдеттүү. Анан да Кыргызстан эгемендиктин алгачкы жылдарында айрым карыздарды төлөп берүү милдетин өзүнө алып алган. Ушул эле жылдары өкмөт кепилдиги менен кредит алган айрым ишкана, акционердик коомдордун карызын өкмөт өзү төлөшкө мажбур. Мунун баары бюджетке түшчү жүк.

- Тилекке каршы, көпчүлүк кредит алгандар милдеттенмелерин аткарбагандыктан карызды төлөп берүүнүн оорчулугу бюджетке түштү,- дейт Каржы министрлигинин мамлекеттик карыз эсеби бөлүмүнүн башчысы Эрнис Абдыразаков.- Мен азыр толук эстей албай атам, 13 ашуун кепилдигин алынган карызды төлөөнүн жүгү өкмөткө түшүүдө. Жалпысынан 50 миллионго жакын доллар карыз акча кепилдиги менен алынган.

Кыргызстандын Орусияга карызынын чоо-жайын Э.Абдыразаков мындайча түшүндүрдү:

- Эгемендик алган соң биз Орусияга карызыбыз бар экенин моюнга алдык. Бул тышкы соода жүргүзүүнүн терс балансынан чыккан сумма. Советтер Союзу кезинде ишканалар бири-бири менен бекем чырмалышкан болчу. Кайсы бир тетик бизде жасалса калганы Прибалтикада даярдалып, айталы Өзбекстанда же Ыраакы чыгышта чогултулчу. Мына ушул өз ара алыш-бериште кимден канча чыкканы эсептелген, мисалы, темир. Жыйынтыгында биз аларга көбүрөөк карыз болуп чыктык, терс баланс дегенибиз ушул.

Кыргызстандын тышкы карыздарынын кыйласы Жапания менен Орусияга тиешелүү. Тышкы карыздын – 11% ашуун Жапанияга, 9% ашуун Орусияга төлөп берүү милдети турат.

- Доллардын төмөн түшүүсүнөн Кыргызстан зыян гана тартат, себеп дегенде, доллар көбүнесе резервде сакталып аткан акча,- деп билдирди Эрнис Абдыразаков. – Маселен, биз 100 евро карыз акчаны кайтармай болуп, Улуттук банкка төлөп берүүнү тапшырдык. 100 евро 130 доллар болот, аны сомго айлантканда дагы башка сумма чыгат.

Жаңыдан өнүгүп бараткан өлкөлөр үчүн тышкы карыздардын жетер чеги өлкөнүн ички дүң продуктусуна карата алганда 80% деп эсептелинет. Кыргызстан бул чектен алдагачан эле өтүп кеткен. Ошондон өлкөнүн экономикалык ирдениши үчүн кредит берген эларалык каржы уюмдары карыз акчанын үстөк пайызын гана төлөөнү калтырып, негизги сумманы кайтарып алууну кийинки мөөнөткө жылдырууга аргасыз.

- Бул биздеги экономиканы башкаруунун натыйжасыздыгы,- дейт Каржы министрлигинин мамлекеттик карыздарды тескөө бөлүмүнүн башчысы Бакыт Сатыбеков.- Иштин кемчилдигин эксперттер жетекчиликке убагында билдиришкен эмес. Буга кошумча объективдүү себептер: материалдык-техникалык негиздин начардыгы, адистердин билиминин жетишсиздиги да өбөлгө түздү окшойт. Анан да биз канча карыз аларыбызды, кантип аларды билбедик, баары эле кепилдигин берип ала башташпадыбы башында.

Кыргызстандын тышкы карыздарын кайтарып берүү бүгүн болбосо эртең сөзсүз жасалчу милдет. Парламент депутаты Акылбек Жапаровдун пикиринде, сырттан келген кредиттерди республика натыйжалуу пайдалана алган жок.

- Биринчи беш жылда алган кредиттерибиз такыр эле пайдасыз кетти десек болот,- дейт Акылбек Жапаров. – Түркиядан, Пакистандан, Индиядан, Орусиядан алган кредиттерибиздин баары тышкы карыздарыбыздын эң оорлорунун бири болуп эсептелет. Ушул кредиттердин бирөө да өзүн-өзү актаган жок.

Өкмөт 2005-жылдан тарта тышкы карыздарды төлөөнү экспортко жараша 20% ашуун көтөрүү милдетин коюуда. Ресупбликанын сыртка товар ташып чыгаруу мүмкүнчүлүгү кыйла чектелүү экенин эсепке алсак, мындай кадам мамлекеттик бюджеттин социалдык жагына кыйла кыйынчылыктарды алып келери белгилүү.
XS
SM
MD
LG