Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:17

Талас облусунда ундун баасы арзандоодо


ТАЛАС. Таластык дыйкандардын төө бурчактын баасы өтө төмөн болуп жаткандыгына байланыштуу нааразычылык акцияларынан соң кыргыз өкмөтү өткөн жылдын 2-декабрында атайын токтом кабыл алган. Ошол токтомго ылайык мамлекеттик резервде сакталып турган 10 миң тонна буудайды ун кылып, анын ордуна төө буурчак кабыл алуу чечимине келген. Мамлекеттик сатып алуу жана резервдер боюнча кыргыз өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик комиссиянын Талас аймактык бөлүмүнөн 7-февраль күнү алынган маалыматка караганда, элден унга айырбаштоо үчүн ушул күнгө чейин 1230 тонна төө бурчак кабыл алынган. Тегирмендин кубаттуулугу төмөн болгондуктан, мамлекет элге дагы 774 тонна ун карыз. Төө бурчак кабыл алууну тезирээк аяктоо үчүн Бакайата, Аманбаев жана Покровка айылдарында дагы үч түйүн ачууга даярдыктар көрүлүүдө. Ошентип Таласта бир кап ундун баасы 400 сомдон 350-360 сомго төмөндөдү.

XS
SM
MD
LG