Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Укук коргоочу Турсунбай Акун доо арызын кайра алды


БИШКЕК. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна Мелис Эшимкановдун үстүнөн жазылган доо арызын 6-февралда укук коргоочу Турсунбек Акун кайра алгандыгы тууралуу бүгүн «Азаттыкка» маалымдады. Анын билдиргенине караганда, өткөн жылы Мелис Эшимкановдун «Лимон» гезитине берген маегинде «Турсунбек Акунду психикалык жактан мандеми бар» деп кемсинткендиги үчүн Турсунбек Акун Ленин райондук сотуна «адамдык абийириме жана ар намысыма шек келтирген» деген доо арызы менен кайрылган. Укук коргоочу моралдык жактан келтирген чыгымы үчүн Мелис Эшимкановдон 5 миллион сом өндүрүп берүүсүн соттон өтүнгөн. Соттук териштирүү 11-февралда Ленин райондук сотунда каралмак.

XS
SM
MD
LG