Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:33

Өкмөт жыйынында кадрдык өзгрүүлөр тууралуу маалымат берилди


БИШКЕК. Бүгүн президент Аскар Акаевдин катышуусунда өкмөттүн кеңейтилген жыйыны өтүп, анда кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу маалымдалды. Өкмөттүк жыйын жума күнү Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын кезексиз 18-сессиясы кабыл алган «Өкмөт структурасы жөнүндөгү» мыйзамды ишке ашыруу максатында өттү. Президент Аскар Акаевдин маалымдашынча, биринчи вице-премьер министрдин кызматын бир эле учурда Транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев аткармай болду. Социалдык иштер боюнча вице-премьерлик жаңы орунга энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдакы жетекчиси Уларбек Матеев, энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктин директорлугуна Монополияга каршы саясаты боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдакы төрагасы Эмил Узакбаев дайындалды. Ал эми жаңыдан түзүлгөн Экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министри болуп Амангелди Муралиев дайындалды. Экс премьер-министр Амангелди Муралиев буга чейин Кыргыз фондулук биржасынын төрагасы болуп иштеп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG