Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:02

Жаңы чыккан куш ылаңы АКШда дагы катталды


АКШнын чыгышындагы Делавэр штатында бүгүн алгачкы ирет жаңы чыккан куш ылаңы катталды. Штаттын айыл чарба министри Майкл Скюздун айтымында, 12 миң тоок карантинге салынды жана жакын арада алар жок кылынат. Анткен менен, Скюздун айтымында, Делавэрде чыккан оору - Түштүк-Чыгыш Азиядагы куш ылаңынан бир топ айырмаланат. Куштардан чыккан бул жаңы оорудан Азия өлкөлөрүндө 18 адам каза тапты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG