Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:49

6-февралда Маскөөдө болгон жардыруунун себептери аныктала элек


Кечээ күнү жардыруу болгон метро станциясына маскөөлүктөр гүл алып келип коюда. Жардыруудан 39 адам курман болуп, дагы жүздөн ашык киши жараат алган. Тергөөчүлөр жарылуунун так себебин таба эле, бирок президент Владимир Путин чечендерди күнөөлөп, президенттик шайлоо жакындаган сайын, мындай аракеттер дагы көп болушу мүмкүн деп билдирди: "Орусия ичинде мындай кылмыштардын бир-бирине айкалыштырылып жатканы байкалууда. Президенттик шайлоо алдындагы талаш-тартышта да алар пайдаланылышы мүмкүн жана мындай ыкма мамлекет башчыга басым жасоо катары да колдонулушу ыктымал". Аслан Масхадовдун өкүлүнүн айтымында, бул жардырууга чечендердин эч тийешеси жок, бүгүн болсо Маскөөдө эки шектүү адам кармалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG