Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

СЕНАТОР ЖОН КЕРРИ ДАГЫ ЭКИ ШТАТТА ЖЕҢИП ЧЫКТЫ


АКШда президенттик шайлоого камылга өнөктүгү кулач жайууда. Демократтардан талапкер болуу үчүн ат салышып жаткан сенатор Жон Керри дагы эки штатта - Вашингтон менен Мичиганда утуп чыкты. Вермонттун мурдагы губернатору Ховард Диин болсо бул эки штатта тең экинчи орунду ээледи.

Вьетнам согушунун ардагери, Массачусетс штатынан 4 жолку сенатор Жон Керри күзгү таймашка карай дагы бир кадамга жакындады. Мичиган штатында Керри добуштардын 52 пайызын алууга жетишти. Вермонттун экс-губернатору Ховард Диин – 17 пайыз менен экинчи, түндүк каролиналык сенатор Жон Эдвардс үчүнчү орунду ээледи.

Вашингтон штатында болсо Керри үчүн добуш бергендердин саны 48 пайызды түздү. Июль айында Демократиялык партия курултай өткөрүп, 2-ноябрда Жорж Буш менен президенттик үчүн беттеше турган кандидатты тандайт. Вашингтон штатынан ошол курултайга 76, Мичигандан болсо 128 делегат жиберилет.

Демократтардын фаворити катары аталып келаткан Диин 17-февралда Висконсиндеги добуш берүүдө утулуп калса, ат салышууну улантуудан баш тартаарын жарыялады.

Сенатор Эдвардс менен эс алуудагы генерал Уэсли Кларк Виржиния жана Тенесси штаттарында жеңип чыгып, 2-мартта бир эле мезгилде 10 штатта өтүүчү добуш берүүгө чейин күрөшүүгө үмүттөнүп жатышат.
Кесиби боюнча юрист, 50 жаштагы Эдвардс жана НАТОнун мурдагы баш катчысы Уэсли Кларк буга чейин бирден штатта утуп чыкса, Керри добуш берүү болгон 11 штаттын тогузунда биринчиликке ээ болду.

Мичигандагы жеңишин кубаттап, Керри быйылкы шайлоону Америка үчүн өтө маанилүү саясий өнөктүк катары сыпаттады.”Жорж Буштун күнү бүттү, Америка өзгөрүүлөрдүн алдында турат”, - деген Керри дагы бир ирет президент Бушту сындады:

- Күч жөнүндө сөз кылып жаткан Жорж Буш АКШны алсыратты. Экономика, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарын алсыратты. Аскерий жактан алганда да Жорж Буш бизди чабал кылып салды. Администрациянын аша чапкан саясатынын натыйжасында 3 жылдын ичинде 3 миллион жумушчу ордунан куру калдык.

Сурамжылоолорго караганда, президенттик шайлоо бүгүн боло турган болсо, Керри менен Буштун таймашы өтө курч болмок.
Мисалы, “Ньюсуик” басылмасы жазгандай, Керри 50 пайыз менен Бушту жеңип чыкмак. Ал эми Си-Эн-Эн-Тайм журналынын сурамжылоосу боюнча Буш добуштардын 50 пайызын, Керри болсо 48 пайызын жеңип алмак.

XS
SM
MD
LG