Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Ирактын түштүгүндө жапoн тынчтык контингентин жайгаштыруу башталды


Бул тууралуу Батыш агенттиктери маалымат таратты. Ал маалыматтарга караганда, биринчи жапoн аскер бөлүгү Кувейттен Ирактын Самава шаарына келди.
Жапoн тынчтык контингентинин алдында эң кеминде миңден ашуун адамды жумуш менен камсыз кылуу жана калкка гуманитардык жардам берүү милдети турат.
Жапон аскерлери дүйнөлүк экинчи согуштан кийин согуш жүрүп жаткан аймакка биринчи жолу жөнөтүлдү.
Иракта Бириккен Улуттар Уюмунун эксперттери “өлкөнүн өткөөл өкмөтү түзүлгөнгө чейин жалпы элдик шайлоону өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?” деген суроонун тегерегинде иликтөөнү баштады.

XS
SM
MD
LG