Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Депутаттын арызын Конститициялык сот карайт


Бишкек. Конституциялык сот Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун арызын сот өндүрүшүнө алды. Бул тууралуу депутат Чотонов бүгүн билдирди. Конституциялык сотко ал президент Аскар Акаевдин кезектеги жолу президенттик шайлоого катыша алар-албасын аныктоо максатында кайрылган. Ал эми депутаттын кайрылуусуна Мыйзам чыгаруу жана Эл өкүлдөр жыйындарынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттеринин бул маселе боюнча чыгарган карама-каршы чечимдери негиз берген. Өткөн жылы адегенде Мыйзам чыгаруу жыйынынын комитети Аскар Акаев кезектеги президенттик шайлоого катыша албайт деген бүтүм чыгарса, жыл соңунда Эл өкүлдөр жыйынынын комитети тескерисинче бара алат деген бүтүм чыгарган. Депутат Дүйшөн Чотоновдун айтымында, эми бул маселени Конституциялык сот чечүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG