Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:44

КОНСТИТУЦИЯНЫ ӨЗГӨРТҮҮ ДЕМИЛГЕСИНИН АРТЫНДА КИМДЕР ТУРАТ?


Кыргызстандын саясий турмушунда Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү аракети жаңылык деле эмес. Башында президенттик бийликти күчөтүү демилгеси калк тарабынан колдоо таап келсе, бул ирет Конституцияга кошумча киргизүүгө парламент депутаттары куштар. 70 ашуун депутат кол коюп, Конституциялык сотко кайрылуу жолдошкон. Андагы жүйөө Конституциялык соттон колдоо тапса, кезектеги парламенттик шайлоого партиялык тизме кирип калышы деле ажеп эмес.

Кыргызстанда Конституцияга байланышкан иш-чаралардын текши баары демократиянын талабына байланыштуу экени дамамат айтылып келет. 1993-жылы “легендарлуу парламент” тарабынан кабылданган жаңы Конституция да демократиянын үлгүсү таризинде сыпатталган. Антип демократия жайында башталган чоң сөз иш менен бекемделбей эле кала берди. Конституция кабылдангандан кийин президент, парламент экөө тең ыйгарым укуктарын узартып алуу менен гана чектелишти.

Он жыл аралыгында Башмыйзам төрт ирет өзгөрүлдү. Башында президент ыйгарым укуктарын кеңейтсе, соңкусунда алардын айрымдарын өкмөт менен парламентке кайтаруу аракети жасалды. Конституциялык роеферендумдун маани-жайын депутат А.Масалиев мындайча чечмелейт.

- 1994-жылы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын президент өзүнө алып алган. Ошону кайтарып берди. Эч кандай өзүнүн ыйгарым укуктарын берген жок. Ушул референдумдарды анализдеп жазып чыгабыз. Ар бир референдумда эмне маселе каралды, кандай өзгөрүүлөр болду, кимдин пайдасына болду? Бир референдумдан кийин Конституцияга «президент бекер жашайт» деген статья жазылып калды.

Конституциянын улам-улам өзгөртүлүшү Кыргызстанда демократия азырынча бекем таканчык ала электигин, бийликтин бир колдон экинчисине тынч-аман мыйзамдуу жол менен өтүшү күмөндүүлүгүн көрсөтөт. Ошондон 1990-жылдан бери бийликте турган президентти дагы бир мөөнөткө шайлоо, бийлик мөөнөтүн узартып коюу сунуштары элдин атынан байма-бай айтылып келатпайбы.

Президент А.Акаев 2005-жылкы шайлоого катышпастыгын жарыя да айтты. Бирок ага ишенбегендер арбын. Кызматын тынч-аман кийинки башчыга өткөрүп берген президентке ойдогудай мамлекеттик шарт түзүлүп берилээри мыйзамдык негизде ырасталган. “Теңир ордо” улуттук дөөлөттөрдү сактоо коомдук фондунун президенти Дастан Сарыгуловдун айтымында, андай камкордукка байгер мамлекеттердин жетекчилери деле жете албай жүрөт:

- Президентти, үй-бүлөсүн өмүр боюу багуу милдетин ички дүң продуктусу 8 триллион долларга жеткен АКШ да өзүнө алган эмес.

Башмыйзамдын улам-улам өзгөрүлүшүнүн дагы бир себебин Дастан Сарыгулов элдин бийликтен четтетилиши менен түшүндүрөт:

- Маселенин түпкү мааниси эмнеде? Кыргыз эли бүгүн бийликтен четтетилген. Эл бийлиги жок. Элдин алдында Жогорку Кеңеш дагы жооп бербейт. Сот дагы жооп бербейт. Эл алдында мамлекетибиздин башчысы да жооп бербейт.

Нака бийлик ээси делген элдин саясий кайдыгерлигин ыктуу пайдаланган айрым президенттер мурунку советтик республикаларда жеке бийлигин орнотуп алышты, айрымдарында ал атамурасына өтө баштады.

Кыргыз бийлиги парламентти оппозициянын ээлеп алуусунан чочулап Конституциянын жаңы редакциясына партиялык тизме боюнча шайлоону киргизбей койгон. Ага карабастан, бийлик таламын талашкан партиялар биригип, саясий активдүү аракетке өткөнүн көрүп, ал баштагы позициясынан кайта баштаган шекилдүү. Болбосо парламенттеги көпчүлүктү түзгөн азыркы бийликке жан тарткан депутаттар Конституциялык сотко кайрылмак эмес.
XS
SM
MD
LG