Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

КЫЗЫЛ ПЛАНЕТАНЫН “БАЗАЛЬТ” КЫРТЫШЫН МАРСЖҮРГҮ ТЕШТИ


Айнура Жекше кызы, Амирбек Азам уулу Америкалыктардын "Spirit” роботу “Кызыл планета” деп аталган Марс планетасынын кыртышын тешкенин АКШнын космос агенттиги - НАСА 8-январь күнү маалымдады. Экинчи бир америкалык марсжүргү "Opportunity” Марстын башка бетинде геологиялык изилдөө жүргүзүүдө.

НАСА маалымдаганга караганда, диаметри 45, 5 миллиметр жана тереңдиги 2,7 миллиметр ташты тешкенге үч саатка жакын убакыт кетти. Америкалык адистер "Spirit” марсжүргүсү тешкен материалды “базальт болушу мүмкүн” деп боолгошууда.

3-январда “Спирит” марсжүргүсү Марска конгондон кийин 10 күн бою иштен чыгып калган болчу. НАСАнын адистери марсжүргүнүн компьютеринин мээсиндеги ашыкча маалыматты тазалашып, роботтун ишин камсыздоочу аппарат толугу менен калыбына келгенин кабарлашты.

Марстын башка бетинде геологиялык изилдөө жүргүзүп жаткан экинчи марсжүргү “Оппопртьюнити” болсо кыртышты микроскоп орнотулган фотокамера менен сүрөткө түшүрдү. Бул сүрөт илимпоздорго Марстын кыртышынын түзүлүшүн өтө жогорку тактык менен аныктоого мүмкүндүк берет.

Батыштын кээ бир маалымат булактарынын билдиргенине караганда, Кошмо Штаттары адамды Марска учуруу мүмкүндүгүн изилдөө максатында жакынкы жылдары космоско чычкандарды учурууну пландаштырууда. Америкалык жана австралиялык илимпоздор чычкандар космоско 2006-жылы учурулат деген ишенимде.

Мурдакы СССР да адамды космоско учургандан мурда, “Лайка” жана “Белка” деген эки итти кыска мөөнөткө орбитага учурган.

Тарыхка кайрылсак, адам баласы өзүнө эң жакын планетаны биринчи жолу 1659-жылы гана жакшылап көрө алган. Голландиялык астороном Кристиан Гюйгенстен кийин италиялык илимпоз Жованни Кассини 1666-жылы Марстын бетинде улам өзгөрүп турган тактарды аныктаган. Дээрлик бир кылымдан кийин Уильям Хершел ошол тактар “муз менен кар болушу ыктымал” деп жоромол жасаган.
Кийинчирээк Кызыл планетада кургак муз болушу мүмкүн деген теория пайда болду. Бирок илимпоздор андан да баш тартышты.

20-кылымда гана окумуштуулар Марстын кыртышы суу менен муздан турганын далилдеген алгачкы маалыматка ээ болушту. 1963-жылы франциялык Одуэн Долфус Марстын атмосферасында суунун буусу аз экенин бышыктады.
Кечээ, жакында эле “Одиссей” аттуу аппарат планетанын кыртышында суутек бар экенин тастыктады. Суутек бар жерде суу дагы бар экени белгилүү.

Ошентип, Марста суу бар деп айтууга көп эле негиз бар. Ал эми Кызыл планетада жашоо барбы? Бул суроого “Спирит” менен “Оппортьюнити” айкындык киргизет деген үмүт чоң.
XS
SM
MD
LG