Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:15

КҮРӨҢ АЮУНУ ЕВРОПАРЛАМЕНТ КОРГОП КАЛАЛАБЫ?


Экологиялык теманы назарыңыздарга сунуштайбыз. Ушул тапта чыгыш европалык "жашылдар" күрөң аюулардын маселесин кабыргасынан коюп, аларды коргоо үчүн иштиктүү чара көрүүнү талап кылышууда.

Кыргызстанда илбирс жок болуп бараткан сыңарында, Чыгыш Европада күрөң аюу коркунучка туш келүүдө. Бир кезде Тян-Шандын кокту-колотунда жойлоп жүргөн илбирс биринчи кезекте мыйзамсыз аңчылыкка садага чабылса, Европанын экс-коммунисттик өлкөлөрүндө капитализмдин шарданы менен канат жайган мыйзамдуу аңчылык аюунун түбүнө жетет окшойт. Бир айырмасы, Алатоодо 300гө жетпеген саны калган жапайы мышыктын ичээр суусу түгөнүп баратканда, айталы Карпат тоолорунда күрөң аюуну ишке чындап күйгөн "жашыл" активисттер калкалайт, алардын сөзү өтпөсө, артында калдайган Европа биримдиги турат.

Коммунизм доорунда Румынияда диктатор Чаушеску менен анын жакындары гана аң уулашчу, болбосо аюу аткандар түз эле абакка түшчү. Аңчылыкка салынган тыюнун аркасы менен, күрөң аюунун саны боюнча Румыния Европада Орусиядан кийинки эле экинчи орунда турчу. Акыйкаттыкта, коммунизмдин тушунда Чыгыш Европада бул айбанаттын саны Батыш Европадан алда-канча жогору болгон.

Бүгүнкү кырдаал тууралуу айлана-чөйрөнү коргоочулар бирди айтса, өкмөт теңирден-тескерисин айтат. Кимисиники чын, кимиси ачуу чындыкты жымсалдап жатканын таразалап көрөлүчү.

Румыниянын айыл-чарба министринин маалымат катчысы Александру Динча күрөң аюунун саны көп да, аз да эмес, норманын чегинде деп ырастады:

- Биздин жер-жерлердеги адистерибиздин эсебинде, 2003-жылы Румынияда 6200 күрөң аюу болгон. Бул сан так эмес деп талашкандар бар. (Бирок) 4080 аюу деле оптималдуу болмок. Эсептөөдө анча-мынча ката кетиши мүмкүн, бирок жалпысынан кырдаал коркунучтуу деп ырастоого эч кандай негиз жок.

"Жашылдардын" "Авес" уюму Румыниянын күрөң аюу эң жыш кездешкен Харгита аймагында иш алып барат. Өкмөт Харгитада өткөн жылы 753 аюу болгон десе, "Авес" булардын 250сү гана калды деп коңгуроо кагууда. "Авестин" активисттеринин ырастоосунда, өкмөт бир эле аюуну эки-үч кайра саноого жол берет.

Эл аралык уюмдар да өкмөттөр айбанаттардын санын көбөйтүп айтаарын белгилешет. Словенияда өкмөт бирди айтканы менен, аюулардын саны көптөгөн жылдардан бери 400дөн ашкан эмес. Европанын Жаратылыш Мурасы деп аталган кордун аткаруучу директору Габриэл Швадерердин сөзүнө кулак төшөсөк:

- Өкмөт азыр аюу көбөйдү, 700-800гө жетет деп айтууда. Эгер бул чын болсо, аңчылыкка берилүүчү квотаны көбөйтүүгө негиз пайда болот. Бирок бизди бул өтө катуу тынчсыздантат, себеби 700-800 деген - туура сан эмес.

Еврожаратылыш корунун өкүлдөрү ишенимдүү санак жүргүзүү үчүн, эл аралык ыкмалары колдонууга кеңеш беришүүдө.

Румынияда Батыштан келген аңчы бир жолу аңга чыкканына 6-9 миң доллар санап берет. Бирок Чыгыш Европанын аюуларына капчыгы калың чет элдиктер гана коркунуч келтирсе гана! Аймактын бир катар өлкөлөрүндө экс-коммунисттерден үлгү алып, аңчылыкты кесип кылган жетекчилер жок эмес. Ошол эле Румыниянын өкмөт башчысы Адриан Настасэ - аңчылар биримдигинин ардактуу төрагасы, биримдикке өлкөнүн айыл-чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо министри Илйе Сарбу да мүчө. Сарбу өткөн жылы аң уулап жүрүп алган жараатынан эмгиче сакайа элек. Словакияда жалпы катнаштан алганда, карапайым элге караганда, парламентте аңчылар көп. Дүйнөлүк Жапайы Жаратылыш кору – дүйнөдөгү эң абройлуу экологиялык уюмдардын бири. Анын Словакия боюнча өкүлү Робин Ригг мындай дейт:

-Парламенттин мүчөлөрү арасында аңчылар көбүрөөк сыяктанат. Токойчулар аюуну мерчемдүү жерге кубалап келишет. Анан тосмолонгон жайга мартабалуу конокторду ээрчитип келип, көрсөтүшөт. Мындай жерлер тууралуу укканым да бар, өзүм да барып көргөм.

Ал эми Румынияда "Авес" уюму мындай тосмолордон коноктор аюуларды көрүп тим болбостон, коопсуз жерден атып да алышат. Аюуну "капканга" түшүрүү үчүн, өлгөн уйду же жылкыны таштап коюу, мамалагы жетиле элек аюуну өлтүрүү, аны чээнинен чыгарбай торго түшүрүү сыяктуу мыйзамсыз ыкмалар да колдонулат.

"Авестин" активисттери бул айбанаттардын "массалык кыргыны" токтотуу үчүн бийликтер чукул чара көрбөсө, эл аралык уюмдарга, анын ичинде Европа парламентине расмий арыз менен кайрылаарын эскертишти.
XS
SM
MD
LG