Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

ӨКМӨТТҮН ЖАҢЫ СТРУКТУРАСЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨБҮ?


Кыргыз президентинин сунушу менен өкмөттүн структурасы өзгөртүлүп, Экономикалык өнүгүү министрлиги жана мамлекеттик эки комиссия түзүлдү. Ага ылайык өкмөт курамында бир катар кадрдык орун алмаштыруулар болду. Айрым саясатчылардын пикири боюнча, бул өзгөртүүлөр Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө өбөлгө түзбөйт жана жалпы саясатты алга жылдырбайт.

Кыргыз президенти Аскар Акаев өкмөт структурасын өзгөртүүнүн башкы максатын ишемби күнү өкмөт мүчөлөрү менен жолугушууда:

- Өкмөттүн структурасын жакшыртуунун башкы максаты - экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министрлигин түзүү болду. Биз мурда каржы жана экономика министрлигин бириктирип коюп, экономикалык саясат жаатында көп нерсени жоготтук. Ошондуктан, биз экономикалык саясат жүргүзө турган супер министрлик түздүк, -деп түшүндүрүп, аны жетектөөгө экс–премьер министр Амангелди Муралиевди дайындады.

Президент мындай өзгөртүүлөр министрликтердин ишмердүүлүгүн бир жарым жылдык иликтөөнүн жана Эл аралык валюта кору менен түзүлгөн меморандумдун негизинде жүргүзүлгөндүгүн билдирип, жаңы түзүмдөгү өкмөт натыйжалуу иштөөсү зарыл деген милдетти алдыга койду.

Айрым саясатчылар президент алдыга койгон милдет аткарылбайт, анткени, Кыргызстан багыт алган жалпы саясат туура эмес деген пикирлерин дароо айтышты. Алардын бири мыйзамчы депутат Өмүрбек Текебаев ал тууралуу:

- Биздин мыйзамга жана абийирге мамилебиз кескин өзгөргөн жок. Кадрлар абдан маанилүү фактор, бирок, саясат туура болбосо биз канчалык аракет кылбайбы, ийгиликке баары бир жетпейбиз ,- деди.

Мурдагы Каржы министри, азыркы депутат Марат Султанов болсо шайлоо алдында өкмөт түзүмүн өзгөртүүнүн такыр эле зарылдыгы жок болчу деген ойдо:

- Чынымды айтсам, парламенттик шайлоого бир жыл, президенттик шайлоого бир жарым жыл калган мезгил ичинде өкмөттүн структурасын кайра-кайра өзгөртө берүүнүн кажети жок.

Ал эми дагы бир мыйзамчы депутат Адахан Мадумаровдун ою боюнча, өкмөттүн структурасын кайра түзүп, кадрларды орун алмаштыруунун негизги максаты саясат чөйрөсүндөгү таасирди салмактаган соода менен барабар:

- Бул орун алмашуу азыр жүргүзүлүп жаткан саясатка эч кандай өзгөртүү алып келбейт. Кадрлардын биринин кызматын жогорулата коюу же төмөндөтө коюу – бул кадрдык бизнес. Кимисинин капчыгы толо калган болсо, ал жогорулайт. Кимдин капчыгы жукарса, ал төмөндөйт. Бул структуралык өзгөртүү дегендин өзү да көз бойомочулук. Бир гана министрлик, эки мамлекеттик комиссия түзүлдү. Аны менен эмне өзгөрөт? Эч нерсе өзгөрбөйт. Биз министрликтердин санын көбөйтпөй, кыскартышыбыз керек эле. Мен президенттин азыркы кадр саясатын такыр түшүнбөйм! - деди Адахан Мадумаров.

Анын ою боюнча, кадрдык орун алмаштыруу көмүскө соодага айлангандыгын Амангелди Муралиевдин экономика министри болуп дайындалышы айгинелейт. Ага Муралиев башында турган «Биримдик» саясий партиясынын өкмөтчүл маанайдагы «Алга, Кыргызстан» партиясына биригиши өбөлгө түздү:

- Бул - соода. Ал кишинин кайра келишине кызматтан кеткенден кийин «лам» деп ооз ачпай койгону, иштеп турган кезинде же азыркы мезгилде болуп жаткан опурталдуу окуяларга баа берип, өз оюн билдирбей койгону өбөлгө болду. Демек, бул соода жана ташы өйдө кулай берет.

Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев өкмөттүн президент сунуш кылган жаңы структурасы өлкөнүн өнүгүүсүнө жакшы өбөлгө түзүп берет деген бекем ишеничте:

- Президент сунуш кылган өкмөттүн жаңы структурасын 37 депутат колдоду. Демек, бул депутаттардын дээрлик көпчүлүгүнүн жаңы структурадагы өкмөт жемиштүү иштеп берет деген пикирин билдирет. Мен ошол пикирге кошулам. Себеби, муну көп депутаттар өзгөчө баса көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG