Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Британ ханзаадасы Чарлз иш сапары менен Иранга келди


Ал Британиянын падышалык үй–бүлөсүнүн акыркы 33 жылдын ичинде Иранга келген алгачкы өкүлү. Ханзаада Чарлз Тегеранда Ирандын президенти Мохаммад Хатами менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң, былтыр декабрда катуу жер титирөөгө кабылган Бам шаарында болот. Тегерандагы британ элчилигинин билдиргенине караганда, визит расмий, бирок саясий мааниге ээ эмес. Ханзаада Чарлз Кызыл Чырым уюмунун Британиядагы бөлүмүнүн жетекчиси болуп эсептелет жана Иранга иш сапары менен ушул даражада келди. Мунун алдында ал кечээ Ирактын Басра шаарында болду. Бул жерде 10 миңдей британ аскери турат.

XS
SM
MD
LG