Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:49

ПРЕЗИДЕНТТИН ШАЙЛООГО КАТЫШААР-КАТЫШПАСЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТ АНЫКТАЙТ


Кыргыз парламентинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов Конституциянын жаңы редакциясы боюнча президент А.Акаев 2005-жылкы шайлоого катышууга укугу бар же жок экендигин аныктап берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылган. Өтүнүч кабылданып, маселе эми Конституциялык сотто каралмакчы. Айрым маалымдоо каражаттарында козголуп, кээ бир коомдук уюмдар жыйынында талаш чыгарып келген бул саясий маселе эми укуктук проблемага айланды.

Президент А.Акаев кийинки шайлоого барбастыгын, Конституциянын жаңы редакциясы ага андай укук бербегендигин бир нече ирет айткан. Анткен менен, маалымдоо каражаттарында кайра-кайра айтылып, жазылып келген бул маселе жакындан бери укуктук маани-мазмунга ээ болуп чыга келди. Антишке парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун кош палатадагы мыйзамдуулук маселесин караган комитеттерге кайрылуусу себеп болду.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Темирбек Сариевдин пикири боюнча, “Атамекен” социалисттик партиясынын төрагасынын орунбасарынын бул маселеге өзгөчө маани берип, аны Конституциялык сот тактап берүүсүн өтүнүшү мыйзамдуу жана ага ар бир инсандын Конституциялык сотко кайрылуу укугу жол берет:

- Депутат Д.Чотонов кайрылса өзүнө жооп алайын деп кайрылды деп түшүнсө болот. Бирок, мен ойлойм, бул жерде башка кызыкчылыктар да болушу мүмкүн. Бул жерде ал көрүнүп эле турат. Саясатта жүргөндөн кийин көп нерсе көрүнүп калат да.

А.Акаевдин келээрки шайлоого катышаар-катышпасын парламенттин кош палатасынын тиешелүү комитеттери карап, карама-каршы чечимге келишкен. Ушундан улам ал Конституциялык сотто такталчу маселегe айланган. Мындай талаш маселени Конституциялык сот кароого укуктуу. Анткени, ал Башмыйзамды ишке ашырууга, колдонууга жана аны чечмелөөгө байланышкан талаштарды чечүү укугуна ээ.

2000-жылдагы президенттик шайлоо алдында да парламенттин депутаттар тобу “1990-жылдан бери бир жолу парламент тарабынан, эки ирет жалпы эл тарабынан президент болуп шайланган А.Акаев дагы бир ирет шайлана алабы” деген суроо менен Конституциялык сотко кайрылган эле. Кезектеги президенттик шайлоо жакындаган кезде да ушундай суроонун бекеринен чыкпагандыгын депутат Адахан Мадумаров төмөнкүчө түшүндүрөт:

- Бул суроо негиздүү эки түшүнүктүн натыйжасында келип чыгууда. Мүмкүн, «Ушинтип кайрылып көргүлөчү, кайрылсаңар оң жооп алып калышыңар ыктымал» деп айтышкандыр. Же болбосо адаштырыш үчүн деле «Ушуну ырбатпастан, чекит коюп койбойсуңарбы» деген кеңешчилер болушу мүмкүн. Натыйжада, укуктук мейкиндикте бир талаш жаралды. Конституция жаңы эмес. Мен түшүнүп турам, Кыргызстандын шартында тиги кишинин каалоосу Конституциядан бийигирээк турат. Бирок, бул ирет Конституциялык сот чыныгы жүзүн көрсөтүшү керек. Негизи, ага кайрылуунун кажети жок эле. «Сол тараптагылардан демилге чыкса караштырууга мажбур болобуз» дегендей ой менен ташталган “жемге” илинип калгандыгы жакшы эмес, туура эмес болуп калды.

Ал эми Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев А.Акаевдин дагы бир жолу президенттик шайлоого катыша албастыгын дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында дагы бир ирет ырастады:

Ырасмий түрдө айтып коеюн, биздин Конституциябыздын жаңы редакциясына ылайык президентибиз үчүнчү мөөнөткө шайлоого катыша албайт.

Президент А.Акаев буга дейре үч ирет жалпы эл тарабынан шайланып, бир жолу парламент депутаттарынын сынынан өткөн. Ага карабастан, айрым саясий күчтөр, карапайым калк арасынан А.Акаевдин бийлик мөөнөтүн узартып, аны дагы бир мөөнөткө калтыруу сунуштары айтылып келет. Президенттик шайлоого дагы эки жылга жакын убакыт бар. Бирок, Акаевдин бийликте калар-калбасы эмитен эле талашка түшүп калды.
XS
SM
MD
LG