Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:28

КАДРДЫК ЖҮРҮШТӨР, ТҮНДҮК–ТҮШТҮК ООРУСУ, БИЙЛИКТИ МЕНЧИКТЕШТИРҮҮ, ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВДИН 65 ЖАШЫ


Окурмандардын колуна 9-февралда тийген “Вечерний Бишкек” жана “Дил ордосу” басылмалары Кыргызстандын бийлик бутактарындагы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу жазып чыгышты. Бул тууралуу ой-пикирлерге 10–февралда чыга турган гезиттерде да орун берилет.

“Вечерний Бишкек” гезити 9-февралдагы санында президент Аскар Акаев өлкөнү кыдыргандан кийин социалдык-экономикалык милдеттерди белгилеп, кадр саясатында өзгөртүүлөргө барганын жазды.

9-февралда «Дил ордосу» басылмасынын да кезектеги саны жарык көрдү. Мында «Эл үчүн бороон оппозиция тараптан эмес, так ушул бийлик тараптан чыкканы калды сыягы» деп жазуу менен президент жасаган кадрдык жүрүштөр тууралуу сөз кылат. Андан тышкары гезит президенттин өлкөдө коррупция күч алып, министрликтерде иш аткарылбаганы, экспорттун начардыгы, эркин экономикалык аймактардын салыктан качып жатканы жөнүндө айтып, кейигени тууралуу кеңири маалымат берди.
Журналист Айдар Козуев парламенттик, президенттик шайлоо улам жакындаган сайын түндүк-түштүк оорусу кайра башталганын белгилеп, «элди бөлгөндөр- казынадан айлык жеп, эл эсебинен күн көргөндөр» деп жазды.

10-февраль, шейшемби күнү чыгууга даярдалып жаткан “Агым” басылмасында кандай макалаларга орун берилээри тууралуу гезиттин жооптуу катчысы Гүласина Каленова айтып берди:

- Кадрдык саясаттагы өзгөрүүлөр тууралуу Мамат Сабыров менен Жолдошбек Зарлыкбеков жазган макалаларга орун берилүүдө. Улуттук консерваторияга 10 жыл толгондугуна байланыштуу Айзат Абазова даярдаган баяндама жарыяланат. Кореяга кетип жаткан кыргыз кыздарынын тагдыры тууралуу да макала бар. Окубай калып, Ош базарында өтүкчү болуп иштеген балдар менен Асел Сталбек кызы маектешет. Белгилүү эстрада ишмери Юрий Бобковдун тармакты жандандыруу тууралуу ой-пикири жана үй-бүлөдөгү кайынаталык орду жөнүндөгү маеги басылмакчы.

10-февралда “Республика” гезити да окурмандардын колуна тийет. Бул гезиттин жаңы саны толугу менен Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаевдин 65 жашка чыккандыгына арналат. Журналист Александра Черных аны менен болгон маегин “Бийликти менчиктештирүү” деп атаса, “Журналист” коомдук бирикмесининин төрагасы Кубан Мамбеталиевдин макаласы “Тынчтыктын кыргыз атуулу” деген ат менен жарык көрүүдө. Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбүбү Көлбаева болсо анын үй- бүлөдөгү орду жөнүндө маек куруп берген.

Ал эми окурмандарга 10-февраль, шейшемби күнү тартууланчу “Аалам” гезитинде кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы жөнүндө баш редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев мындай деди:

- Эне тилибиздин көйгөйлөрүн аздектеген «Бата» коомунун мүчөлөрүнүн коомдогу көрүнүштөр тууралуу пикирлери жарык көрүп жатат. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Бакыт Керимбековдун ишмердүүлүгүнө арналган макалага да орун берилет.

Шейшембиде жарык көрүүчү өкмөттүк “Эркинтоо”, “Кыргыз туусу” жана “Слово Кыргызстана” гезиттери президент Аскар Акаевдин кадрдык саясаты жана парламентте сүйлөгөн сөзү тууралуу кеңири баяндамаларды басат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG