Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:01

Кечээ президент Жорж Буш АКШнын Эн-Би-Си сыналгы каналына интервью берип, Вашингтон администрациясынын Ирак саясатын дагы бир жолу жактады. Саддамдын кыргын куралы табылбаса да, ал ошондой куралды кыска мөөнөттө өнүктүрө алат эле, - деген Буш, согуш баштоо чечимин чалгындоо кызматтарынын маалыматына таянып кабыл алганын баса белгиледи.

Иракта массалык кыргын салуучу куралдын изин табуу аракеттеринен натыйжа чыкпаган сайын президент Буштун дарегине айтылган сын-пикирлер көбөйүүдө. Өзгөчө быйылкы президенттик шайлоодо анын негизги атаандашы болууга камданып жаткан демократ-талапкерлер Ирак согушун көзүр катары колдонуп келатышат. Саддам Хусейндин жашыруун курал программасы бар деген жүйөө Вашингтон администрациясы тарабынан согуш баштоо үчүн жетиштүү деп табылган эле.

Эн-Би-Си каналындагы маегинде Буш андай маалымат чалгындоо кызматтарынан алынганын билдирди:

- Мен чалгындоо кызматтарынын жылдар бою чогултушкан маалыматтарына таянып, чечим кабыл алгам. Бул маалыматтар биздин гана эмес башка өлкөлөрдүн адистери тарабынан да чындыкка дал келет деп табылган.

Буш өзү да Багдаддын тымызын куралы табылбаганы таң калычтуу экенин ырастады. Бирок азыркы дүйнөдө ошондой куралды өнүктүрүү кыска мөөнөттү талап кылаарын эске алуу менен, согушка барууну чечтим, деп кошумчалады Буш:

- Америка Саддам качан ак ниеттүүлүгүн көрсөтөт деген үмүт менен четте тура албайт. Менимче, эгерде коркунуч бар болсо, ал айныксыз мүнөзгө айлангычакта, аны жок кылыш керек. Же болбосо, кеч болуп калат. Андыктан мен ошондой чечимимди кабыл алдым.

Согушта курман болгон 500дөн ашуун жоокердин ата - энелерине кайрылып, Буш: “Саддам абдан кооптуу болчу. Анын кыска мөөнөттө кыргын куралын жасоого толук мүмкүнчүлүгү бар эле”, - деди.

Жекшемби күнкү интервьюсунда Буш ноябрга чейин убакыт бар, америкалыктар президенттин Ирак саясатын дагы бир жолу таразалап, чечим кабыл алышаар деген үмүтүн билдирди.

Аны менен бирге Буш Ирактын келечеги жергиликтүү калкты түйшөлтүп жатканын да моюнга алды.

Өткөн аптада Буш чалгынчылардын согушка чейинки каталарын териштирүү үчүн атайын комиссия түзүү жөнүндө жарыялады. Комиссияга 2005-жылдын 31-мартына чейин убакыт берилди. Демократтар болсо анын жыйынтыктары эртерээк жарыялансын деп талап кылышууда.

Калктын пикирин сурап билүүлөр көрсөткөндөй, күзгү шайлоодо Бушту бир топ кыйынчылыктар күтүүдө.

Америкалыктардын бир бөлүгү Ирак согушу менен катар өлкөнүн экономикасынын акыбалына да нааразы. Буш Ак Үйгө келгенден бери өлкөдө 2 жарым миллионго жакын жумушчу орун кыскартылды. Бюджеттин дефицити болсо рекорддук деңгээлге жетти.

Си-Эн-Эн менен ”Тайм” журналынын сурамжылоосуна ылайык, суралгандардын 44 пайызы гана Бушту “ишенимге татыган лидер” катары баамдашты.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG