Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:47

Кытайдын дагы төрт жеринде куштардын сасык тумоосу катталды


Бул жөнүндө өкмөттүк Синхуа жаңылыктар агенттиги Айыл чарба министрлигине таянып маалымдады.
Вьетнамда бүгүн канаттуулардын сасык тумоосунан жана бир адам каза тапты. Муну менен Азия өлкөлөрүндө бул дарттан көз жумган адамдардын саны 19га жетти.
Кампучинин саламаттыкты сактоо кызматтары сасык тумоодон бакма канаттуулардын ашыкча көп өлгөнүнө байланыштуу “коркунучтуу ылаң мурда айтылгандан кеңири масштабда жайылып кеткен” деп билдирди.
Кыргыз бийликтери куштардын сасык тумоосунан кооптонуп, бир нече күн илгери Кытайдан малдын этин сатып алууга убактылуу тыйуу салган.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Амирбек Азам уулу

XS
SM
MD
LG