Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Адам укугун коргоочулар Израил курган коргонду “мыйзамсыз” деп санашат


Израилдин Жогорку сотунда адам укугун коргоочу эки топтун арыздарын угуу башталды.
Укук коргоочулар Батыш Иордандын палестиндер жашаган бөлүгүн Израилден бөлгөн бетон коргондор “палестиндердин инсандык укугун бузат” деп санашат.
Укук коргоочу уюмдардын биринин адвокаты Михайл Сфарддын айтымында:

- Биз доо арызыбызда басып алынган жерлерде курулган коргонду же тосмо дубалды мыйзамсыз деп табууну жана ал- эл аралык мыйзамдардын негизги жоболорун бузат деп жарыялоону соттон талап кылдык.

Улуттар Уюмунун изилдөөсүнө караганда, Израил өкмөтү жөөт жарандарынын коопсуздугун камсыздоо максатында курдурган бетон коргон бери дегенде 400 миң палестиналыктын жашоосун кыйындаткан.
Кечээ күнү премьер-министр Ариел Шарондун кеңешчиси Залман Шавал палестиналыктарга жеңилдик берүү үчүн коргондон өтүүчү жолдордун айрымдары кыскартылаарын билдирди.
Бетон дубалды куруунун мыйзамдуулугу февралдын аягында Гаагадагы эл аралык сотто каралат.

XS
SM
MD
LG