Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Түркия: Конияда дагы бир адам тирүү табылды


Түркиянын маалымат булактары Кония шаарында 7 күн мурда кулап калган көп кабаттуу үйдүн урандыларынын астынан дагы бир тирүү адам табылганын кабарлашты.
Бутун дубал басып, суу сурап жалбарып жаткан 23 жаштагы аял жаткан жай жыт билчү иттердин жана электрондук шаймандардын жардамы менен аныкталган.
Кечээ күнү урандылардын астында калган 16 жаштагы улан да куткарылган.
Бүгүнгө карай кырсыкта набыт болгон 80ден ашуун адамдын жасаты табылды.

XS
SM
MD
LG