Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:39

ОРУСИЯНЫН ЖЕЛЕКТЕРИ ЖЕРГЕ ТҮШҮРҮЛДҮ


Муса Мураталиев, Москва Бүгүн Москвада 6 февралда метродо террордук чабуулдан курман болгондорду эскерүү жөрөлгөсү болду. Ырасмий маалымат боюнча ал терактта 39 киши набыт болгон. Жарадар болушкан 107 киши эмдигиче ооруканаларда жатышат. Башкалаа бийлигинин буйругу менен Маскөөдө бүгүн массалуу түрдө көңүл ачууга жана оюн-зоок курууга тыюу салынды.

Курман болгондор эсеби 39 киши. Алардын жыйырма үчүнүн гана ким экени аныкталган. Калгандарынын аты-жөнү тактала элек. Башкалаанын саламаттыкты сактоо департаменти билдиргенге караганда, терактан соң ооруканага 107 киши түшкөн. Алардын бирөөнүн абалы абдан оор. 17 кишинин абалын өтө эле кыйын дешке болот. Жакшы болуп калгандар - 46 киши. Ал эми сакайып чыккандардын эсеби 41 кишиге жеткен.

Баса, ушул күндөн тартып курман болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыр тарткандардын өздөрүнө жөлөкпул төлөө башталды. Бөөдө ажал тапкандардын үй-бүлөсүнө 100 миңден рубль, жарадар болуп ооруканага түшкөндөргө 50 миңден рубль, ал эми жеңил жарадар болуп үйүнөн дарылангандарга 30 миңден рубль төлөнмөкчү.
Маскөө өкмөтү болсо өлгөндөрдүн сөөгүн жерге коюунун ыгым-чыгымын өз моюнуна алмак болду. Башкалаанын мэри Юрий Лужковдун айтымында, террордук актыдан кийин Москөөдө тартип мындан да катуулайт:

- Биз чукул арада күжүрмөндүк менен паспорт үстөлдөрүнүн ишин катаадатабыз., Участкалык милийса мыйзамзамсыз жүргөндөрдү аныктап туруп, шаардан тышка сүрүп таштоого милдеттүү болот. Биз ошондой эле мыйзамдуу түрдө конок болуп жүргөндөрдүн арасынан укук коргоо органдарын шек санаткандарын да катаал текшерүүгө алышына кам көрө баштадык.

Эртең менен Орусия федералдык коопсуздук кызматынын жетекчисинин орун басары Вячеслав Ушаков ал жетектеген уюм террорчуларды өлүм жазасына тартуу тартибин киргизүү боюнча мыйзам менен Мамдумага кайрылып жаткандыгын билдирди.

Террорчулук менен Кремль эч качан бирге олтуруп сүйлөшүү өткөрбөй тургандыгын жума күнү президент Владимир Путин да айтты:

- Террорчулар менен Орусия сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт, (Орусия) аларды жок кылат.

Метродогу теракттан курман болгондордун биринин сөөгү Котляковдук көрүстөнгө, экинчисиники Даниловдук көрүстөнгө коюлду. Шейшемби, шаршемби күндөрү дагы 15 кишинин сөөгү жерге берилмекчи. Бөөдө ажал тапкандар арасында бир армян бар экен, анын сөөгүн Ереванга жөнөтүп атышат. Апаатка учурагандар арасында бактыга жараша, кыргызстандык атуулдар жок болуп чыкты. Бул күндөрү “Автозаводская” жана “Павелецкая” метро станцияларынын кире беришине масөөлүктөр мом шам жагып, гүлдестелер коюулууда.
XS
SM
MD
LG