Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:10

Кочкорлук фермерлер облустук соттун кабыл алуусунда болушту


НАРЫН. Өткөн жылдын 13-ноябрында «Соттордун акыйкатсыз чечиминен тажадык, өзүбүздү өзүбүз өрттөйбүз» деп өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыккан кочкорлук Бейшеналиева Күлийпа жана анын кызы Бейшеналиева Калиса Нарын облустук сотунун төрагасы Рапылбек Мураталиевдин кабыл алуусунда болушту. Алар Жогорку сот арызды облустук сот карасын деп, 5-февралда жиберген катына ылайык соттун болушун талап кылышты. Эне-баланын айтымында, 1995-жылы жеке үлүшкө берилген кашар башка бирөөгө мыйзамсыз сатылгандыктан чарбанын малы ачык талаада төлдөп, үшүп өлүүдө. Жабырлануучулар бул жолку сот да акыйкат чечимге келбесе өздөрүн өздөрү өрттөөгө даяр экендиктерин дагы бир жолу кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG