Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:32

Бийликтеги кадрдык өзгөртүүлөр


БИШКЕК. Президент Аскар Акаевдин 7-февралдагы жардыгы менен президенттик администрация башчысынын биринчи орун басарлыгына Болот Жанузаков жана дагы бир орун басарлыкка Аликбек Жекшенкулов дайындалды. Жекшенкулов бул милдетти президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчылык милдети менен бирге аткарат. Президенттин дагы бир жардыгы менен Дамир Өскөмбаев Эсептөө палатасынын төрагалык милдетин, Батыр Давлесов стандарт жана метрология боюнча улуттук институттун директорлук милдетин, Кеңеш Карачалов өкмөттүн алдындагы кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугун каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун милдетин аткарууга дайындалды. Ал эми Садриддин Жиенбеков өнөр жай жана соода министри кызматынан бошотулуп, президенттин тышкы инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагалык милдетин аткаруу Равшан Жээнбековго тапшырылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG