Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Жаза өтөө жайларындагы адамдардын саны кыскарууда


БИШКЕК. Кыргызстандагы жаза өтөө жайларында кургак учук менен ооругандардын саны 2001-жылга салыштырмалуу былтыр 3 эсеге, каза болгондордун саны 2 эсеге азайды. Бул тууралуу бүгүн жазаны аткаруу башкармалыгынын башчысы Владимир Носов билдирди. Башкармалык «Жаза өтөө жайларындагы адамдардын санын азайтуу жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыкты жана ал жакында парламенттин кароосуна сунушталат. Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, анда камакта жаткандардын саны 20 пайызга кыскарат. Андан тышкары маалымат жыйынында соңку жылдары пенитенциардык системада оң жылыштар жасалып, түрмөлөрдүн материалдык-техникалык абалы жана шарты жакшыртыла баштаганы кабарланды. Айрым абактарда ремонт иштери жүргүзүлүп, жаза өтөп жаткандардын тамак-ашына бөлүнгөн акчанын көлөмү да көбөйтүлдү. Ал эми укук коргоочулар жана акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Кыргызстандагы түрмөлөрдөгү абал киши чыдагыс бойдон калууда.
Учурда өлкөдөгү абактарда 17 миң адам жаза өтөөдө.

XS
SM
MD
LG