БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 2004-жылдагы иш планы бекитилди. Жыл ичинде палатада саламаттык сактоо тармагын реформалоо боюнча иш-чаралардын жүргүзүлүшү, өлкөдөгү эркин экономикалык аймактардын ишмердүүлүгү, жаштар саясатынын жүргүзүлүшүнө жана «Кыргызгаз» тармагын менчиктештирүүгө байланышкан маселелер каралат. Андан тышкары депутаттар премьер-министрдин, ички иштер, транспорт жана байланыш, эмгек жана социалдык жактан коргоо министрликтеринин, башкы прокуратуранын, улуттук банктын жетекчилеринин соңку 2 жылда жүргүзгөн иштери тууралуу отчетторун угушат.