Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Алтай Бөрүбаев: «Конституция боюнча Аскар Акаевдин кийинки президенттик шайлоого катышууга укугу жок»


БИШКЕК. “Конституциянын жаңы редакциясына ылайык Аскар Акаев кийинки президенттик шайлоого катыша албайт, катышса анда ал үчүнчү мөөнөт болуп калат». Бул тууралуу Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев бүгүн палатанын 2003-жылда аткарган иштеринин жыйынтыгына арналган маалымат жыйынында билдирди.
Төраганын айтымында, Эл өкүлдөр жыйынынын Мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитети депутат Д. Чотоновдун Аскар Акаевдин 2005-жылы болуучу президенттик шайлоого катышууга укугу бар же жок экендигин аныктап берүү өтүнүчүн караган. Алтай Бөрүбаевдин маалыматы боюнча, комитетте кворум болбогондуктан анда кабыл алынган чечим мыйзамсыз деп табылган.
Жыйында спикер Эл өкүлдөр жыйыны өткөн жылы 28 мыйзам жана 281 токтом кабыл алып, 53 мыйзамды жактырганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG